2-3 күндөн бери интернетте Кыргызстан  — 2017 сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болгон Бегимай Карыбекова деген 19 жаштагы бийкеч өзүнчө эле жылдыз болуп жатат. Жылдыз боло берсин. Бирок элди анын сулуу жүзү эмес, “билими” таң калдырып, көпчүлүктүн кыжырын келтирип койду. Бул деле мурда биз жазган жылаңач сулуулардан, анын ичинен Жамила Ишенбаевадан, анан калса,  айрым эркектерден ашып сөгүнгөн Таттыбүбү Самидин кызы деген кыздардан кем калбай жарым жылаңачтан ашып чечинет экен. Азыркы кесиби модель экен.

Балким, дүйн-ө кыдырып, жарым жылаңачтанып сүрөткө түшө берип, эси дартынын баары акча болуп калганбы бейм. Дүйнөнүн бир катар мамлекеттерин кыдырып, ар кандай сүрөттөргө түшүп, эки сааттын ичинде 3 миң евро таап коём деп мактанса жанына киши тура албайт десең. Сынак учурунда ага Сүймөнкул Чокморовдун ким экенин сураса, “Мен 5 миң сомду аябай жакшы көрөм. Чокморов Кыргызстандын алгачкы журналисти” деп жооп айтып, шылдың болуптур. Касым Тыныстановду да чаташтырып, өзүнчө бир «»ачылыш» жасады. Кийин башка маалымат каражатына маек берип, ал маселе боюнча болушунча актаныптыр. Эми антип актанганда элдин баары эле билет эмеспи. Бегимай болгондо да Кыргызстан Эл аралык окуу жайында студент экен. Же ал окуу жайдын студенттери ушунча билимсиз болобу? Ал мындай жоругу менен окуу жайдын да аброюна шек келтирип койду. Балким, өзүнүнү деңгээлинде, дээринде кеп бардыр… Татүбүбү сулуунун сөгүнгөнү көрүп: «Сулуулугу не пайда аркырап беттен алган соң» деген накыл кеп айласыздан эске түшсө, Бегиммайдын «билимдүүлүгүн» көрүп, «Сулуулугу не пайда, Чокморовду билбей «тупая» болгон соң» деген сөздөр ойго келди. Мейли, бул кыздарбыз да бир кезде эне бактысына татып, ар нерсени салмактап калышаар. Ылайым ошондой болушсун.

Биздин айталы дегенибиз, мурда айтып келгендей эле кыргыз кыздарын ыйманга чакыруу. Сулуулук жылаңач денеде эмес, сулуулук ыйманда! Кызга кырк үйдөн тыюу эмеспи. Аз болсо да, адепти сактагыла. Абийириңерди ар кимге ачпагыла. Анан сулуулук деп эле күн сайын, саат сайын күзгү алдында бетиңерди, (чоңоюп жатабы дегенсип) төшүңөрдү, жамбашыңарды эле утур карай бербей, мээге да бир аз кам көрүп, билим алгыла.

Китеп окугула. Кыргыздын сыймыктуу инсандарын билип, жаттап алсаңар, эң ириде өзүңөргө эле пайда. Эми бул Бегимай деген кыз Дүйнө сулуулар сынагына катышат дейт. Катышса, ал жерден өз өлкөң, атактуу инсандарын кокус сурап калса, эмне деп жооп берет?

Жок дегенде Чыңгыз Айтматовду билет бекен?  Бул жагын эске алып койсо… Же ал буга чейин бир топ сынактарга катышып,  мындай шылдыңдарга көнүп калганбы?

https://www.youtube.com/watch?v=3yZoNl1f3jY&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here