Жогорку Кещештин депутаты Өмүрбек Бабанов, анын тууганы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар насыя алгандыгын моюндады.  «Чагылган» бул тууралуу өткөндө эле: «Кылымдын афёрасы. Бабанов «Кыргыз-орус» өнүктрүү фондунан 17 млн. доллар алдыбы?« -деген макала жарыялаган.  Эми БӨТ бул тууралуу  бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.  Анын айтымында, Айтматов проспектисиндеги (мурунку Тынчтык) «Азия Молл» соода борбору анын жакын туугандарыныкы экен. Жакын туугандардыкы деп жанын жеп айтып жатканын караңызчы. Элди келесоо ойлобой меники деп эле айтпайбы десең. «Ал  тууганым менден орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна кайрылсам болобу?»- деп сураганда албетте, болоорун айттым. Менин билишимче  башка соода борборлору деле ал жактан акча алышкан. «Инвестиция- өлкөгө кирип жатпайбы. Биз болгону, 37 миллион $ мүлктү  күрөөгө  коюп, 17 миллион $ алдык»»- деп айтты Бабанов.  Ал, анын жакын тууганы фонддон кредит алганынан эч кандай кылмыш көрбөгөнүн белгиледи.Албетте, кылмыш эмес. Ал фонд Бакыт Төрөбаев айткандай жалаң элитага, байларга гана иштеп калбадыбы. Анан Бабанов жана анын туугандары албаганда кимдер алат?  Тобо, БӨТ мындай куулук-шумдук аракеттери ачыкталганда, биринчи жолу моюнга алды окшойт…

Ал макалда  Бабанов Кыргыз-орус фонудун 4 пайыз менен насыя алып, “Кыргызстан” банкынан 20 пайыз үстөк менен берип жатабы? -деген суроо коюлган болчу. Ага да абийирине камчы салбай, туура, же туура эмес деп жооп берип койсо болмок…Бирок жооп белгилүү да. Туура деп айткыдай Бабановго жин тийди беле…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here