Коомчулукка диктор катары таанылса да, өзүн ар кыл багытта сынап көрүүнү жактырган, элибиздин «бир сырду да, миң кырдуу» чырайлуу кызы , диктор Айтурган Сатиева «Чагылган» сайтында мейманда болуп, азын-оолак маек берди.

— Айтурган айым, кыргызда алгач ал-жай сурашат эмеспи, анысы кандай, кандай жүрөсүң? Жаздын кечигиши маанайыңа тоскоолдук жаратпай элеби?

— Жакшы рахмат, кудайга шүгүр. Көптүн арасында, Кудайдын таберик кылган жарык күнүнүн алдында жүрөбүз. Бардыгы пейилге жараша дегендей, жаз мезгили да быйыл бизге таарынып аткандай (күлүп). Эмнеси болсо да, элде айтылгандай, арты жакшы болсун.

— Жакында эле Президентибиздин колунан  «Ардак грамота» алдың? Сыйлык кут болсун!

— Рахмат, ооба. Өлкөбүздүн Маданият маалымат жана туризм министрлиги тарабынан «КРнын Ардак грамотасына» көрсөтүлүп, аны президенттин колунан алуу насип этти.

—  Алгач радиодо иштегениң менен коомчулук сени теле аркылуу тааныды. Акыркы убакта теледен көп көрүнбөй калдың? 

— Радиодон баштап, гезитти коштоп, ТВдан улантып, айтор журналистиканы бүткөнүм үчүн бул кесиптин бардык тармактарында тең иштеп көргүм келчү. Ошентсе да, жүрөгүмө жакыны ТВ болду. Акыркы убакта эмес, негизи эле менин жашоо принцибимде бир эле жерге байланып же бир эле нерсени жасай бергенди өтө жактыра бербейм.

Албетте, дарак бир жерден көгөрөт, бирок убагы келип турганда, өз күчүңдү башка жерден да сынап көрүүгө эмнеге болбосун. Анан да мен эфирдин кумарына кирип, чыкпасам ооруп кала албайм. Кыска жашоодо, ар бир тирүү күнүңдүн өзү керемет деп ойлойм. Учурда бир аз майда-чүйдө иштер менен алектенип, экрандан алыстай түшкөнүм байкала түштү окшойт ээ.

— Ооба. 5-каналда да диктор катары бир топ үзүрлүү эмгектендиң, ал жактан  кетишиңе эмне себеп болду?

— Менин жашоодогу дагы бир принцибим —  адамдын көңүлүн калтырбоо. Туура болсом да, эгер киши таарынып калса кечирим сурап коё алам. Андан мен арыктап кетпейм, же кыйналып калбайм. Ал эми 5-канал азбы — көппү мен эмгектенген жамааттардын эң сүйкүмдүүсү өзүм үчүн. Ошол жерден теле карьерам башталды, ошол жерден көп нерсени үйрөндүм. Ал жактан кетүүмө болсо, Туркия жергесине окууга аттанганым себеп болду.

— Жан-дүйнөң чыгармачылыкка жакын эмеспи. Интернет булактарынан ырларыңды, кудум аңгеме жанрындагыдай жазган эскермелериңди окуп калабыз. Жакынкы убакта китеп чыгаруу оюңда жокпу?

 

 

— Рахмат. Жазмакерлик окуучу кезимден келаткан хоббим десем болот. Калемимдин дүбүртү канчалык? Аны мезгил сынаар. Ал үчүн бул мухитке сүңгүп кирүүм керек. Жээкте туруп, адабият океанына тырмактай таш ыргыткан баладай болуп, алгачкы китебимди чыгардым эле. Окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, бери жагы Казакстан, Орусия, Япония, ары жагы Түркия, Дубай, Америкадагы мекендештерибиздин да анча- мынчасы алдырып окуп, мени абдан кубантышты. Ошол кубанычтын күүсү менен албетте дагы- дагы сонун чыгармаларды жаратсам дейм. Буйруса ал да болоор. Азырынча жаңы жазып бүткөн бир чыгармам бар. Бирок, али быша элек деп ойлойм.

— Акыркы убакта бизнес тармагына баш багып, ишкерликти баштагандайсың. Сулуулук салонунда иштер кандай?  «Киас» деп аталыш себеби эмнеде?

 Ооба, кыялданып коюп жүргөн максаттардын бири эле. Буйруса, баштадык. Санга эмес, сапатка иштөө биздин башкы максат. Андыктан, бул бизнес деп айтууга деле болбойт, жүрөктүн каалоосу. Биздин салондо иштеп жаткан тажрыйбалуу адистердин жаратып жаткан кооздуктарын көрүү мага жагат. Алар ошону өздөрү эле билип тымпыйып отуруп албай, каалоочуларга аз эле тыйын алып, бериле үйрөтүп жаткандарын көрүп кубанам.

— Акыркы суроом болсун. «Сулууларга суктанууга акым бар»*- деп көзү күйгөн мырзалар ырдамакчы, жеке жашоо кандай? Качан жакшы жаңылык угабыз?

— Мен ар дайым тамашалап айтып келгендей, жеке жашоомду айтып салсам, ал жеке болбой калат го (күлүп). Бакыт тынчтыкты сүйөт эмеспи, андыктан өмүрүмдүн бул баракчаларын жалпы журтка жарыя кылбай эле коёлу, туура көрсөң. Жеке жашоо баарыбызда эле окшош эмеспи.

— Рахмат, ишине ийгилик!

— Сиздерге да рахмат!

Маектешкен: Нурайым Солтобек кызы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here