Президенттин кызы мындан 22 күн мурда көз жарып, уулдуу болгон.
Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева баласын эмизип, автоунаада бара жаткан сүрөтүн коюп, ошол учурдагы сезимдерин жазды.  Жаш эне баласын бооруна кысып, эмизип бара жаткандагы сезимдерин сүрөттөп, тамгага түшүрүп калып жатканын кыстара кетиптир. «Денеңди белгисиз сезимдер бийлеп, терметип алгандай. Дабышы жок, бирде сезилип, бирде сезилбейт. Кызыктай бир абал. Сен аны карай бересиң, карай бересиң… «Бул өзү эмне?», — деген саптарды жазган.

Состояние бирюзового цвета. Иногда очень режет глаза, но чаще мягко сливается с фоном, становится небом. Я теперь печатаю одной левой) И ставлю большое количество «ю» вместо «стереть».

Тень ползёт по моей коже в ритме укачивания как самостоятельное существо. Бесшумное, прозрачное. Призрачное. Такое странное. Ты смотришь на неё, твои зрачки меняют размер. «Вау, а что это?».

Звуки глотания. Я придерживаю твою голову, мы лежим вплотную животами. Мой взгляд направлен на твои волосы. Ресницы. Ты настоящий. Ты. Настоящий. Я повторяю себе это много раз, но до меня не совсем доходит.

Ошол кездеги ирмемдерди сүрөттөп,бөбөктүн ар бир абалын, кыймылын, ал тургай энесинин сүтүн акырын жутуп жатканын эбедейи элжиреп сүрөттөгөн.
«Акыры-ын жутуп жатат. Башыңды аярлай кармап, боорума кысам. Чачтарыңды, кирпиктериңди тиктейм. Сен кадимкидей эле барсың. Ал — сенсиң. Ушинтип бир нече ирет ичимден кайталап, бир нече ирет өзүмчө күбүрөйм, бирок баары бир бул бакытты түшүнүп-түшүнбөйм», — деп жазган Алия. Белгилей кетсек, Шагиева 20-мартта көз жарып, ымыркайга Таир ысымын ыйгарган. Атамбаевдин кызы былтыр Константин Рязанов аттуу жигитке турмушка чыккан.

Мына ушундай малыматты бүгүн «Спутник кг.»  сайты жазып чыккан. Бул маалыматка карата да ар ким өз оюн ар кандай айтып, өз пикирлерин билдирип бүтө элек кезде, жаш эне Шагиеванын бала эмизип жаткан дагы бир сүрөтү интернетке жарыяланып кетти. Ал сүрөт чын эле өзүнүн сүрөтүбү, же  монтаждалганбы, азырынча белгисиз. Айтор, анын бул сүрөтү да катуу талкууга алынууда. Өзүнө жана ажо атасына ар кандай сындар айтылууда. Эгер чын эле эч жасалмасы жок сүрөт болсо, ал сүрөт өтө одоно болуп эсептелет. Бирок сүрөт жасалмасы жоктой эле көрүнгөнсүйт. Ыйман маселеси кайда калат? Эне болгон соң, жылаңач денесин көрсөтпөй койсо эң сонун болмок…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here