Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеевдин жаңы жарлыгына ылайык, өлкөдөгү согуш ардагерлерине акысыз ажылык сапарга баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Абдулла Арипов билдирген.

Өкмөттүн маалыматында, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары эгер ажылык сапарга же умра сапарына барууну кааласа, анда алар кезексиз түрдө мамлекет тарабынан жөнөтүлөт. Жол чыгымы жана башка чыгымдар өкмөттүн казынасынан төлөнөт. Ошондой эле, бул жылы Өзбекстан согуш ардагерлерине 500 доллардан сыйлык акы берет жана 9-майдагы иш-чараларга катыша турган ардагерлердин кийим-кечектерин жергиликтүү бийлик өзү алып бермей болгон. Өзбекстанда деле согуш арадагерлери аз эле калса керек. Анын үстүнө алардын эң жашы 90дон өтүштү. Андыктан  тирүү ардагерлердин дээрлик баары тең эле ажыга бара албаса керек. Өзбек Преиздентти бул жагын да эске алды да. Ардагерлерге анчалык кам көрүүнү мурунтан баштоо керек эле. Ошондой болсо, өзбек президенти мындай чечимдери менен калк арасындагы кадырын көтөрүүдө.

Алдыда 9-май жакындап келе жатат. Кыргыз бийлиги ардагерлерге кандай урмат көрсөтөөрү али белгисиз. Быйыл кыш катуу болду, өзгөчө Нарын облусунда. Жергиликтүү бийлик жок дегенде — ушундай кыйчалышта манжа менен саналчуудай аралары суюлган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын абалын сурап, кол сунганын  Кудай билет? Деги эле, кыргыз бийлиги кандай беек камдап жатышты болду экен? Акча жок деп шылтоо кылышпай, ансыз да азайып калган аталарыбызга жакшыраак белек беришсе экен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here