Өкмөт башчы террористтер даярдаган жарылчу заттан анча алыс эмес жерде болуучу.

Учурда Швециянын укук коргоо органы, 7-апрелде Стокгольмдагы  терракты иликтөөсүн улантууда. «МК» басылмасы жазып чыккандай, Жүк ташуучу унаа Стокгольмдун элдер көп жүрүүчү көчөсүндө  элдерди жарып өтүп бир топ адамдын өмүрүнө залал келтирген. Андан ондогон киши жабыркап,3 адам каза болгон. Кийин ооруканадан жарат алгандардын бири да көз жумган. Бактыга жараша, унаада даярдалган жарылуучу зат кандайдыр бир себептер менен жарылбай калган. Болбосо, каза болгондордун саны мындан да көп болмок.

Бул ишти эксперттер карап жатышат. Укук коргоо органдарынын маалыматында, кармалган адам, Өзбекстандын 39 жаштагы жараны болгон. Ал «ИМ» (ИГИЛ) уюмунун  мүчөсү болгон. Жанкечтинин Стокгольмда жөкөрлөрү болушу мүмкүн.

Эгер, терракт болуп жарылганда, Швеция премьер-министрсиз калмак экендигин Швед ММКлары кабарлоодо. Анткени, премьер-министр Стефан Левен терракт жасоочу жүк ташуучу унаадан анча алыс эмес , 300-400 метр  аралыкта  жүргөн. Деги эле, акыркы күндөрү теги өзбек болгон терорристтер күчөп бараткансыйт. Белгилей кетсек, жакында эле Питердеги теракты уюштурду делген Акборжан Жалилов да өзбек тектүү болуп чыкты. Алардын Ош шаарында кармалган анын 8 жан жөкөрлөрү бүт өзбектер болушкан. Кыскасы, алар Орусиядагы кыргыз мигарнттарыбызды бир эсе жаман көрсөтүп койгондой болду окшойт. Эмнеси болсо да, мындай жаманчылыктары өз баштары менен кетсин дейли.

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here