Түштүктөгү айтылуу  Аксынын жаратылышы керемет кооз Улук деген айылында  согуштун кайнап турган учурунда 1943-жылы бул жарык дүйнөгө бир наристе келет. Апасы Сабира күйөөсү Полот согушта жүргөнүнө байланыштуу, өзүнүн атасы Дөлөн карыядан балага ат коюп беришин өтүнгөндө, ал аксакал азан айтып, ушул чүрпөм Улук айылыбыздын керегине жараган, кадыр-барктуу, журтка төбөсү көрүнгөн мырза болсун деп Улукмырза коюптур. Биздин алдыда  кеп кыла турган каарманыбыз Улукмырза Полотов касиеттүү, билимдүү Дөлөн калпа таятасынын койгон атына, берген батасына татыктуу болуп, жалаң эле өзү туулуп, өскөн Улук айылына, а түгүл Аксы жергесине кызмат кылбай, бүткүл кыргыз элине кызмат өтөп, даңкы чыккан эр-азамат мырза болду. КРнын Эл артисти деген наамды алды, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын профессору болду, “Манас” ордени менен сыйланды. Мына ушундай бийик деңгээлдеги наамдарга жана сыйлыктарга жетиш оңойго турган жок, татаал, көп кырдуу өмүр жолу жана  талыкпас эмгек болду.

Эл арасында ырчы Улукмырза Полотовду “кыргыздын Кобзону” деп коюшат. Туура коюлган ат. Анткени Улукмырзанын жүргөн-турганы, басканы, сүйлөгөнү, токтоолугу, ырдаганы, үнүнүн диапазону, тембри СССР Эл артисти, Россиянын Баатыры – Иосиф Кобзондун көчүрмөсү (копиясы).

https://www.youtube.com/watch?v=zG5l8J7XdAc&feature=youtu.be

Ал жакшы адамдан үлгү алгысы, ошондой болгусу келет. Улукмырзанын бир гана өкүнгөнү, вокалисттердин Кишинёв шаарындагы Эл аралык сынагына катышканда, жюринин төрайымы, СССРдын Эл артисти Ирина Архипова Улукмырзанын үнүнө жогорку баа берип мактап, Москванын Чоң театрына стажировкага чакырганда барбай койгону. Кийин И.Архипова сураптыр: “Жанагы кыргызстандык кара жигит эмнеге келген жок?” — деп. “Мен табиятымдан ушундай кенебесмин, же болбосо дүнүйө операсынын корифейи И.Архипова ар бир ырчыны эле чакыра бербейт да,”-дейт биздин каарман. Азыр дагы Улукмырзанын коллегалары айтып калышат, эгерде ошондо Чоң театрга барганда, ал Европанын театрларын багындырмак деп.

Бирок Улукмырза Европаны багындырбаганы менен Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарына чейин концерт менен барып элди ырахатка бөлөдү, кулактарынын моокумун кандырды. Совет мезгилинде малчыларды тейлөө өзгөчө орунда турчу. Эсимде, мен партиянын Борбордук Комитетинде иштеп жүргөнүмдө малчыларды тейлөө маселеси мага жүктөлгөн эле. Малчылар үчүн керектүү товарларды жүздөгөн машиналарга жүктөп, доктурларды, лекторлорду, артистерди алып кышкысын Аксай, Кара-Кужур, Аңыракайга, жайкысын Суусамыр, Соң-Көл, Каркыра, Көк-Ойрокко автопоезд менен барып, малчылардын майрамын уюштурчу элек. Агитпоезддин курамында филармониянын артистери Эстебес, Ашыралы, Тууганбай, Замирбек, Улукмырза, Самара, Чалагыз, Зейнеп, Гүлмайрам, Нуржамал, Асанкул, Келдибектер болор эле. Улукмырза Мусанын, Атайдын ырларын комуз менен созгондо малчылар улам-улам суранышып, шатырата кол чаап, сахнадан кетирчү эмес. Ошондо мен көп жолу күбө болгом, Улукмырзанын элдин сүймөнчүлүгүнө айланган улуу ырчы болгонуна.

Андан бери бир топ мезгил өттү. Улукмырзанын чеберчилиги дагы жогорулады, чоң тажрыйба топтоду, вокалдын сырларына сүңгүп кирип, адамдын мүмкүнчүлүгү чексиз экенин терең түшүндү. Азыр аныкындай аргендүү таза жана тунук үн өтө аз.

Курсташы Келдибек Тургунбаев мындай деп эскерет: “Улукмырзанын мугалими Валентина Коновалова деген мыкты вокалист эле. Ал Улукмырзанын тунук тембрине тоскоол болгон бир нерсени байкап: “Как мне убрать у такого прекрасного голоса эту цыпь?” – деп кейип жүрчү. Чындыгында анын үнүн бузуп турган бир киркирек бар эле. Кийин ошол балекет кантип тазаланды эч ким билбейт. Мугалимдин кыйындыгынанбы же Улукмырзанын изденүсүнүн аракетиненби, айтор кийин туптунук, кооз үн болуп чыга келди. Муну Улукмырза өз алдынча анализдеп жүрүп жолун тапты. Азыр анын үнүнүн мүмкүнчүлүгүн айтсак, мейли дүйнөнүн классикасынан ырдайбы же элдик ырлардан болобу, жеберине жеткире аткарган чебердигине чек жок чоң талант. Дагы бир таң калычтуусу – өзү баритон болгону менен тенор жеткен жогорку ноталарды катырат”.

Полотов өткөөл учурдагы кыргыздын улуу ырчылары Мусанын, Атайдын, Мыскалдын, Шералиевдин, Эгинчиевдин ырларын эл аспаптар оркестри, комуздун коштоосунда ырдап элге тартуулап, экинчи өмүр берди, бактысын ачты, элибиздин кулагын кыргызча колориттеги ырларды угууга тарбиялады. Аны башка бир ырчы менен алмаштырып алуу мүмкүн эмес, кооз коңур үнү угармандын жүрөгүнөн дароо жылуу түнөк тапкан таланттуу ырчы, элибиздин  аздегине татыган улуу инсан. Эмне ырдаса ар бир угуучунун жүрөгүнүн кылдарын термелтип ырахатка батырат. Улукмырзанын аткаруусундагы Карамолдо Орозов атындагы улуттук эл аспаптар оркестринин жана Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” оркестринин репертуарындагы кыргыздын эң бийик деңгээлдеги ар бир ыры Алтын фонддо келечек муундар үчүн сакталып кала берет. Алтын фонддо анын 160тан ашык ыры турат.

Кыргыз Эл артисти, дирижер Эсенгул Жумабаевдин жетекчилигинде “Камбаркан” улуттук ансамбль менен Полотов кыргыз искусствосун таанытуу максатында Румынияга, Пакистанга, Алжирге, Камбоджага, Кореяга, Кытайга, Индияга, Түштүк Африка Республикасына, Японияга гастроль жасады.

Улукмырзанын дагы бир чоң талантын айтып кетпесек болбос. Ал улуу насаатчы, устат. Азыр кыргыз сахнасында ырдап жүргөн ырчылардын сексен пайыздан ашыгы Улукмырзанын тарбиясын алгандар. Улукмырзанын бул ардактуу жана түйшүктүү кесип менен алектенгенине 47 жыл болду. Анын мектебинен тарбияланып чыккандардын саны үч жүздөн ашты. Шакирттеринин алды Апаз Жайнаков, Роза Аманова – Кыргыз Эл артистери; Динара Акулова, Алина Жетигенова, Сыймык Бейшекеев – Эмгек сиңирген артистери болушту. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон Кундуз Таштаналиева, Анапия, Дилбар, Лира Раимбековалар, Мурадил Сагыналиев, Малик Аликеев, Эльмира Кайып кызы, Кенже Кубатова, Улан Качкыналиев, Аскат Мусабеков, Турдукан Сарбанова, Каныкей Раймалиева, Алтынбек Каленов,  Мунарбек Чобиев, Марат Ибраев, Азамат Сарыбаев, Токтобек Асаналиев, Чолпон Алсеитова сыяктуу ондогон таланттар кыргыз элинин сыймыгы болуп үзүрлүү эмгектенип, кыргыздын руханий дүйнөсүн байытып жүрүшөт.

Улукмырзанын өзгөчө сыймыктанган шакирти Жеңишбек Ысманов. Ал азыр дүйнөдөгү опера өнөрүнүн бешиги болгон Италиянын сахнасында ийгиликтүү иштеп жатат. Ал 2008-жылы Италия өлкөсүндө өткөн дүйнөлүк конкурсуна ат салышкан 327 ырчынын арасынан 17-орунду ээлеп, ал жактан 2 жылдык стажировканы өткөндөн кийин ошол өлкөдө калып, дүйнөнүн ырчылары менен чогуу эмгектенип жатат. Бул азамат менен жалаң эле Улукмырза эмес, бүткүл кыргыз эли сыймыктанышыбыз керек.

Полотовдун насаатчылык касиети боюнча Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев мындай дейт: “Ырчы болом дегендин баары эле консерваторияга келет. Алардан кайсы мугалимден тарбия алгың келет десең, баары эле,  “Полотовдун классынан окуюн дедим эле” — деп, жооп беришет. Мен үчүн бүгүнкүгө чейин табышмак, Полотовдун ырчыларды даярдоодо мындай популярдуу болушунун сыры, секрети эмнеде?” Бул суроого Улукмырза өзү жана анын шакирттери мындай деп жооп беришет. Аваздык өнөрдүн сырын Улукмырза эки нерседен көрөт. “Биринчиси, аткаруучунун көмөкөйү ачылып турмайынча ыр ийине жетпейт. Көмөкөйү жаңгак кирип кеткендей ачылып туруш керек. Атай айтчу экен: “Ырчы ырдап жатканда көмөкөйү көрүнүп турушу керек” — деп. “Улуу ырчы Ф.Шаляпин ырдап жатканда көмөкөйүнүн кенендигинен “ат арабасы менен” кирип кеткендей элес калтырчу”-деп орус музыкаведи С.Виноградов айтыптыр. Экинчиси, ырчы демин табарсык менен киндиктин ортосундагы боштукка топтоп, өзөк аркылуу үндү коштоп сыртка түртүп чыгарганды үйрөнсө максатына жетет. Мугалимдин биринчи милдети ырчыга көкүрөктөгү демди кармаш үчүн киндик тушту борсойтуп кармап турууга үйрөтүү. Болбосо аракетиң текке кетет. “Демин туура кармаган ырчыларды уксаң, үнү сай-сөөктөн чыгып, сай-сөөккө жетип, уккандын чери жазылат” – дейт Улукмырза.

Улукмырзанын шакирти Анапия Райымбекова агайы тууралуу мындай деп эскерет: “Адеп агайдын классына киргенде вокал тууралуу эч түшүнүгүбүз жок, бизге баары күлкүлүү туюлчу. “Демиңерди көкүрөк эмес, курсагыңар менен тарткыла, мына мындай” — деп курсактарыбызды, жамбаштарыбызды кармаласа уялчубуз. Жеткиликтүү түшүндүрүш үчүн мындай дечү: “Силер бош бөтөлкөнү төбөсүнөн эмес, түп жагынан толгонун элестеткиле.” Көрсө, эң биринчи дем алуу туура болмоюн үн жакшы кубулбайт тура. “Түшүнбөгөнүңөр менин курсагымды кармагылачы,” — дейт. Айла жок атаңдай болгон кишинин курсагынан кучактоого туура келет. Айтор, ырдоонун машакаты менен агайдын алдында далай кызарып-татарганбыз. Акыры ырдоону үйрөнгөндөн кийин эч нерсени эрөөн көрбөй, вокал деген түшүнүгүбүз калыптанды” — деп.

Сыймык Бейшекеев мындай дейт: “Мен агайдын колуна келгенден 5 айдан кийин үнүмдүн тональностун ордуна коюп, филармонияга ишке алындым. Жаңыдан келерим менен 1-2 айдын ичинде эле үнүм таптакыр өзгөрүлө баштады. Көрсө ага чейин ырдайт деген ушул экен деп эле кыйкырып-өкүрүп жүрчү экенбиз. Агай болсо ырды кыйкырык эмес, сезим менен ырдоого үйрөттү”.

“Жакшы ырдоонун мен билген сыры ушул эки сапатта. Ушул эки нерсе шайкеш келгенде гана ырчынын көмөкөйү музыкалык аспапка айланат. Сен күнүгө вокал менен машыксаң, үн сага баш иет. Анын ээси сенсиң, каалаганыңдай кубулжутуп, каалаганыңдай сыбызгытып элдин кумарын кандырасың” – дейт улуу устат Улукмырза.    Эми Улукмырзанын жеке турмушуна, үй-бүлөсүнө кайрылсак. Эң негизги ал куулук-шумдугу жок таза адам, токтоолугу ченебес, жоо  чаап келатса дагы камырабайт. Маданияты бийик, билими терең, интеллекти жогору инсан. “Улукмырза менен турмуштун ар кандай сыноосуна бирге чыккандан коркпос элем” – дейт Эсенгул Жумабаев Кыргыз Эл артисти.

Үй-бүлөсү менен көп жылдар бою үйү жок, ар кайсы квартирада жүрүп тажаганда министр Кондучаловага кирсе, ал киши тез арада эки комнаталуу квартира берет, көрсө ал квартирада мурун  Муса Баетов жашаптыр. Мына тагдырдын тамашасы.

Жубайы  Азимкан жогорку категориядагы врач, КРнын Эмгек сиңирген врачы, 45 жылдан бери онкология ооруканасында эмгектенип келе жатат, учурда реанимация бөлүмүн жетектейт.

Баш кошкондоруна 46 жыл болду. Улукмырза Азимкандын артынан 4 жыл чуркады. Менин жубайым, бейишинен бергир Сакина айтып калчу: “Улукмырза күнүгө келип жатакананын алдында тура берчү, Азимкан чыкчу эмес. Ай, Азимкан, эшикте жигитиң күтүп турбайбы, барып жолугуп койбойсуңбу” – десем, “Койчу ошону, дүңкүйүп  эле тура берет же сүйлөбөйт” – деп. Ошентип жүрүп төрт жылдан кийин өзүнүн сүйгөнүнө жетип, 1971-жылы үйлөнүшкөн, 2 уул, бир кызы бар. Улукмырза менен Азимкандын сыймыгы – улуу уулу Нурмат. Ал азыр Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын башкы дирижеру.

2011-жылы Улукмырзанын Сыймык Бейшекеев баш болгон шакирттери Кыргыз филармониясынын чоң залында устатынын жеке концертин А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестринин, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштосунда уюштурушту. Концерттин негизги бөлүгүн Улукмырза ырдады, өзүнүн шакирттери менен дагы көп чыгармаларды аткарышты. Эң негизгиси Улукмырза уулу Нурматтын оркестрге дирижерлук кылып башкаруусунда чоң эргүү менен бардык ырларды аткарды. Ата үчүн мындан чоң бакыт болбосо керек. Залдагы көрүүчүлөр бул окуяны туруп-туруп шатырата кол чабышып, чоң шыктануу менен кабыл алып колдошту, кубанышты, ата-бала үчүн сыймыктанышты.

Экинчи уулу – Азамат ийгиликтүү бизнесмен. Кызы Мадина энесинин жолун жолдоп – врач. Келини – Айганыш жогорку деңгээлдеги пианист, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Улукмырзанын вокал мектебинин концертмейстери. Полотовдор мына ушундай бактылуу үй-бүлөө.

Макалыбыздын аягында эмне демекпиз. Полотовдун вокалдык мектеби мындан ары дагы өнүп-өсүп, кыргыздын ырга шыктуу, таланттуу жаштарын жогорку деңгээлге чыгарып тарбиялап, кыргыз элине кызмат кыла берсин. Улуу муундан калган кыргыздын ыр өнөрүн мындан ары дагы кийинки таланттуу жаштарга чыпчыргасын коротпой көпүрө болуп өткөрө беришине тилектештигибизди билгизебиз. Улуу устатка узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөсүнө бакубат жашоо, бакыт-таалай каалайбыз. Бар бол, маэстро!

    Автор:   Рысбек Качкеев

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here