Алматалык Айгерим аттуу транссексуал Miss International Queen аттуу эларалык сулуулар конкурсуна катышат. Аталган конкурс, атайын жынысын өзгөрткөн эркектер арасында өткөрүлүп келет.

Транссексуалдын айтымында, анын балачагы кичинекей шаарчада өткөн. Айгерим 12 жашка чыкканда, жаратылыш аны эркектин образында жаратып жаңылганын байкайт. Айгерим Алмата университетинде окуп жүргөндө, операция жолу менен жынысын алмаштырууну  чечет.  Бул үчүн ал, психиатриалык ооруканадан текшерилип чыгышы керек эле. Операция жакшы өтүп, азыр банкта иштеп жаткан Айгеримдин сүйүктүү адамы бар. Ата-энеси чындыкты билгенде, аны «өлдү» деп кабарлашып, андан баш тартышкан.

Айгерим аталган конкурска казакстандык өзүнө окшогондорго дем берүү максатында катышып жаткандыгын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here