– Биздин мектеп христиан көрүстөнүнүн маңдайында жайгашкан. 11-мартта 9-класстын беш окуучусу тешиктен кирип, мүрзөлөрдү тээп, бир нече белгилерди көңтөрүп салышкан. 10-мартта катуу жаан жаап, жер жумшак болуп, мүрзөлөрдүн түбү бош болуп калган, – дедиТашкенттеги №45 орто мектептин мугалимдери бири.

11-мартта 9-класстын беш окуучусу Ташкенттин Чиланзар районундагы христиан көрүстөнүнө кирип, он мүрзөнүн ташын көңтөрүп салышканын билдиришти.

Анын айтымында, окуучулар мүзөлөрдү «атайылап көңтөрүшкөн эмес». Ал өспүрүмдөр аларды тепкилеп ойноп жатканда кокустан бузулганын билдирди.

Окуучулар ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кармалышкан. Бирок ата-энелери мүрзөлөрдү калыбына келтирип бере тургандыктарын айткандан кийин балдар кое берилген. 17-мартта көрүстөндөгү жайлар калыбына келтирилди. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here