Назым Мендебаиров  Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын директору болуп дайындалды. Ал 1973-жылы Жумгал районунда актёрдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институнда “режиссёр жана драма” факултеттин аяктаган. “Дем” театрынын көп жылдан берки жетекчиси. Бир топ кинолорду тарткан. Ошондой эле көтөгөн ролдорду жараткан. Элибиз, анын талантын: «Достор» «Кайып булак», «Дудук кыз», «Жубайлар», «Кемпир». «Кара кыз», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Кара жолтой», «Ысык-Көл бешбармактары», «Троллейбус», «Уурунун махабаты», «Президент жана бомж» кинолорунан көрүп келишти.  Мындан тышкары, ал театрда да ондогон спектклдерде роль жаратты. Назым мырзанын атасы Кенжегул Меңдибаиров КРнын эмгек сиңирген артисти, учурда Нарын облустук драм театрында эмгектенет. Назым мырзанын, жаңы кызматы менен куттуктап, ага албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Коррупциясы барган сайын күчөп, аброюу азайып бараткан көзгө басар театрыбыздын татыктуу жетектеп, деңгээлин көтөрүп, эл ишеничин актаңыз!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here