КРнын Башкы Прокурору И.Жолдубаевага

ИИМ министри Улан Исраиловго,

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү

кызматынын жетекчиси Замир Осмоновго,

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы

Дүйшөнбек Чоткараевге

Кыргыз Эл артисти, Т. Абдымомунов

атындагы кыргыз улуттук драм театрынын

 артисти Марат Алышпаевден

 Урматтуу биздин укук коргоо мекемлеринин жетекчилери!

Мен Атамбаевдин саясатын абдан колдойм. Акаевдин маалында да, Бакиевдин маалында да коррупция менен мынчалык күрөш болгон эмес. Ал эки качкын ажолордун тегерегиндеги бир да депутат, министр соттолгон эмес. Соттолсо да  Куловго окшоп саясый жактан куугунтукталган. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө: «Коррупция боюнча 7 миң иш козголду, ошонун 500ү аткаминердики», — деди. Бирок коррупция менен канчалык күрөш жүргөн менен, коррупция деген балекет биздин театрга да жетип жатат. Мен ушул театрдын директору болуп 4 жыл иштедим, кызматтан кетип атканда, министрдин орун басарына: «Менин ордума Тилек Жумагазиев болсун. Училищада 11 жылдан ашык директор болду. Театрдын ишин  жакшы билет» –деп айткам. Бирок угушкан жок. Ал кезде Сарпашев биринчи вице-премьер болчу. Тайырбек мырза ал кездеги Маданият министри Талиеваны кыйнап отуруп, өзүнүн жердеши Темирлан Сманбековду алып келип койгон. Тилекке каршы, Сманбеков биздин үмүттү актаган жок. Буга бир катар далилдерди айтсак болот.

        6 млн. сомдун 1 млн. 300 миң сому сол чөнтөккө кеткенби?

        Башкасын коюп, бул жолу коррупциялык иштеринен кеп козгойлу.

Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, театрга 6 млн. сом берген. Ал акчага Сманбеков 3 машина (бир чоң автобус, микро автобус жана бир жеңил унаа) алат.

Сманбеков ал сатып алуу иштерин тендер өткөзүшпөй эле  ишке ашырган. Бул иш билинип калып, бир катар гезиттер жазып чыгышкан. Жыйынтыгында текшерүү болуп, 6 млн. сомдун эсеби толук чыкпай, 1 млн. 300 миң  сом жетпей калганын укканбыз.   Бул иш азыр да ачык бойдон турат. Журналисттер жазып чыкса да каралган жок. Эмне үчүн каралган жок? 1 млн. 300 миң сом кимдин чөнтөгүнө кетти?

Салымбековдон 5 миң доллар алышып…

  Сманбеков жетекчи болуп келгенден тарта бир катар спонсорлор менен иштеп, акта табууну амал кылды. Мисалы:  Аман Жапаровдун » Назарбаев» деген пьесасы бар. Алар (Сманбеков менен А.Жапаров) Салымбековго барып, «Алмата, Астанага барганы жатабыз. «Назарбаев» деген чоң пьесабыз бар, ошону коёбуз, Назарбаев өзү  келет»- деп андан 5 миң доллар алышат. Спектаклди да, демөөрчүлүккө алышкан акчаны театрга кириштебей, өздөрү эле сырттан мындай эле жасашып, режиссер болосуң деп догурунуп Козукеевге жүктөп коюшат.

Артисттерди жөн эле иштетип, эч кандай эмгек акы бербей койгон.

Менин эсебимде ал спектаклге  2-3 миң доллар эле кетмек.  Акчасын бербей койгондон кийин, артисттер да  экинчи жолу бекер ойнобой коюшту. Спектаклди өздөрү айткандай Астанага да алып барышкан жок.  Мен директор болуп турганда, бул спектаклди мага алып келип беришкен. Мага жаккан эмес. Мен окуп чыгып эле: » Бул Назарбаевдин деңгээлиндеги пьеса эмес. Муну койсок кыргыз эли уят болобуз» деп болбой койгом. Замир Сооронбаев да окуп, жактырбаптыр. Ошентип, биз баш тартканбыз. Мен кызматтан кетээрим менен алып келип коюшпадыбы. Жыйынтыгы болсо – жогоруда айткандай болду.

Андан кийин, индиянын элчилигине барып, «Махабха́ратаны” коёбуз деп 10 миң доллар (700миң сом) алышкан. Элчи өзү келип, акчасын берген. Азыр жеке тажрыйбама таянып айтайын. Мен директор болуп турганда жалпысынан 25тей спектакл койдук.  Мыкты деген спектаклге ашып кетсе, 300 миң сом кетет. Андан ашык акча кетепейт.  Мисалга, мен иштеп турганда 240 миң сомго  «Ак боз атты» койдум . Гогольдун  «Текшерүүчүсүн»  270 миң сомго койдум, ал спектаклге болгондо да 42 костюм тигилген.  Ал эми элчиден алган 700 миңди кантип коротуп, кантип жабышкан билбейм? Бухалтериядан жаптырышкан да. Бул иш да ачылбай, жабык бойдон турат. Буйрутма менен сүйлөшүлүп коюлган спектаклде артисттерге акча бериш керек болчу. Байкуш артисттер  5 миң сом айлык менен иштеп атышат. Же совет убагындай, квартира, бала-бакча менен камсыздалбаса… Ооруп калса да акча төлөп өз чөнтөгүнөн дарыланышат, мектепке да балдарына акча төлөшөт. Жок дегенде, ушуларга 700 миңден 3-4 миңден берип коюш керек эле да. Аны да берген эмес.

Фестивалдан жеңип алган 100 миң сомдун, 80 миңи сол чөнтөккө кетип…

Андан кийин, биздин артисттер «Саманчынын жолу» менен Алматага Эларалык фестивалга барып, гран-прини жеңип, байгеге 100 миң сом алат. Директор Сманбеков ошол жерден 20 миңин биздин балдарга таратып берет. Бирок, калган 80 миң сомдун дайыны ушу убакка чейин жок. Эмне кылганын эч ким билбейт?

Бухгалтерияга да кириштеген эмес. Негизи, байгеге берилеген акчаны ошол спектаклде ойногондорго тегиз бөлүп бериши керек болчу. Ал деген балдардын эмгеги да. Менин оюмча, калган 80 миң сомду спектаклди койгон башкы режиссөр менен директор жымырып алган.

“Коркут атанын” 5 миң доллары каякта?

Былтыр, июнь айында  «Түрксойдун»  Кыргызстандагы өкүлү Кожокелди Култегин «Коркут атаны» жазууга буйрук берет. Аны Кайрат Иманалиев жазат. Жазылып даяр болгондон кийин, Култегин театрга келип,  жалпы жамаатка жыйналыш жасап, Сманбековго 5 миң доллар берип: «Бул акча менен иштей бергиле, спектакль чыккандан кийин, мен «Түрксойдун» жетекчиси Касенов менен келем, спектаклди көрүп, анан 5 миң доллар берем» деп айтып кетет.  Сманбеков  өргүүдө жүргөн балдарды 15-июлдан баштап чакыртып алат да, аларга мамлекеттин эсебинен айлык төлөп, иштетет. Бул одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет.  Эмгек өргүүдө жүргөн балдарга, буйрук чыгарып туруп, мамлекеттин эсебинен  айлык төлөп,  буйрук, демөөрчүлүк менен коюла турган спектаклдерге ишететип жатат. Бул жерде акча заказдын эсебинен төлөнүшү керек болчу да.

Эми эсептеп көрөлү, декорация арзан эле жасалган. Материалдын баасы 50 сомдон 1000 метр алсын дейли. Ага 50 мин сом кетти дейли, костюмдар менен кошо эсептегенде. Негизи костюмдарды да ошо арзан материалдан тигиптир. Бул жагын да мен иштегендерден сурап, иликтедим. Бул жерден башкы режиссёр менен сүрөтчүгө гонорар берилген. Артисттерге мамлекеттин эсебинен акча төлөп берип жатат. Бухгалтерден сурасам да билбейм дейт. Кийин, бул спектаклди “Түрксойдун жетексчиси келип көрдү, жактырдыбы, жактырган жокпу билбейм. Бирок айтылган 10 миң долларды толук беришти. Эми ошол 10 миң доллардын 5 миң доллары каякта? Бул боюнча да эч ким билбейт. Же аны да жымырып алышты беле?

             Чара көрүлбөсө, кийин да кайталана берет…

Урматтуу Башкы прокурор Индира Жолдубаева айым, Ички иштер министри Улан Исраилов, Экономикалык кызматтарга каршы күрөшү кызматынын жетекчиси Замир Осмонов,  Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев мырзалар! Сиздер кыргыз элинин сымыгы, көзгө басар улуттук театрындагы жогоруда далилдер менен айтылган коррупциялык иштерди иликтөөгө алып, бул маселе боюнча жыйынтык чыгарт деген ишенимдемин. Тазалык  — театрдан башталышы керек! Чара көрбөсөңүздөр мындай өзүм билемдиктер кийин да кайталана бериши мүмкүн.

Урматым менен Кыргыз эл артисти, Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук театрдын аксакал артисттеринин бири Алышпаев Марат.

  1. 04.2017.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here