— Мен  бүгүн “Чагылганга” жарыяланган “Кыргыз улуттук драм театрдагы коррупция боюнча АЧЫК КАТ” аттуу Марат Алышпаевдин кайрылуусуна төмөндөгүлөрдү кошумча кылууну туура таптым.
Ал кайрылууда айтылгандар чети гана. Театрдын 90 жылдыгы болот деп «О » мобилдик компаниясы берди деп, «ошол акчаны счеттон ала албай жатабыз, ошондуктан ал акчаны театр коллективине (151 адамга) бөлүп, премия берип жатабыз деп ведомость түзөлү, бир адамга ресторанга отурганыңар 1 300 сом кетет экен, бирок силер 3000 кол койгула, калган акчага келген конокторду сыйлайбыз, кол коюп бергиле, кийин коллективге президентибиз  Атамбаев 90 жылдыкка театрга берген акчадан Премия берилет» — деп Т. Сманбеков жыйналышта айткан.

Колубузга албаган акчаны, алдык — деп коллектив кол коюп бердик. Бирок башкы бухгалтер Ш. Өмүралиев «Коллективге премия берилбейт, акча жок» деп мага жооп берди. Деги эле юбилейлерде ачык эле «Орг комитет» түзүлүп, келген акчалар кайда кетти, көзөмөлгө алчу эле, бул жолу андай да болгон жок. 90 жылдык юбилейге арналып буклет — китеп чыгарылган жок, театрдын фойеси, артисттердин сүрөттөрү жаңыртылган жок.

Театрдын сыртында спектаклдерден алынган сүрөттөр менен болгону жарыбаган эки банер коюлду. 90 жылдык артисттердин эмгеги менен эптеп өттү.

Маданият министрлиги тарабынан эч кандай баа да берилген жок. Театрдын коллективи менен өткөрүлгөн жыйналыштарда Т. Сманбеков Кыргызстандагы болгон посольстволор «бизге спектакль коюп бергил», — деп акча берип жатканын саймедиреп айтып келди. Андай иш кызуу башталды. Ошондо биз кыргыз драма театры ар кайсы посольстволорунан акча алып, спектакль коюп, сүйүнүп жүрө беребизби? Улуттук театрдын башка да максаттары барбы? Спектаклдер анда-санда гана жүрсө, театр акча табуу үчүн арендага байма-бай берилип турса, аларга да элди чогулта албасак, биз кимбиз деги? Театрыбыздын концепциясы барбы? Театрдагы коррупцияны кантебиз?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here