Аз күн мурун кыргыз улуттук университетинин ректоролугунан айдалган Чынара Адамкулованы кыргыз бийлиги башка татыктуу киши калбай калгансып, ТИМге караштуу кыргыз дипломатиялык академияга ректор болуп дайындап жатканын КСДПчы, жаш активист Ренат Самудинов билдирип чыкты. Чынында бул айым КУУну башкарып турганда кыйратып иштеген эмес,  эми дипакадемияга барып эмнени кыйратат? Же, балким бул айым өкмөт үчүн өзгөчө ийкемдүү, айткан, берилген тапшырмаларды эки эсе аткарган эң эле ыңгайлуу жетекчи болуп жүрөбсүн. Андай болду дегичие, ал жерде сөзсүз коррупция бар да. Баса, Адамкулованын КУУдагы иштеген ишмердүүлүгүн иликтеп койсо, кылмыштуу иштер булайып ачыкка чыгары турган иш. Укук коргоо органдары бул маселени эске алышабы, же көз жаздымда калтырышабы? Байкап туралы..

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here