Улуттук банк доллар менен иштеген насыя мекемелеринен америкалык валютаны сатууну чектөөнү же таптакыр тыюу салууну талап кылууда. Чоочубаңыздар, бул бизде эмес, коңшу Тажикстандагы абал.

Учурда 100 доллардын расмий курсу 853 сомонини түзүүдө, бул өткөн аптага караганда 22 сомониге же 3% көп. Тажикстандын башкы каржы мекемеси көмүскө базардагы айрым жактардын чагымдарынан улам доллар кымбаттап кеткенин белгилөөдө.

Улуттук банк валюта базарындагы абалды жөнгө салуу үчүн бардык ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана укук коргоо органдары менен бирге тиешелүү чаралар көрүлөрүн маалымдады.

Бул арада айрым ишкерлер чет өлкөдөн продукциядарды долларга сатып алышарын, бирок расмий акча алмаштыруучу жайлардан валюта алуу мүмкүн болбой жатканын билдиришүүдө. “Банктарда америкалык валютаны сатып алышарын, бирок сатпай тургандыктарын айтышууда”,-деди алардын бири.

Доллардын наркынын кескин жогорулашы жана америкалык валютанын 2015-жылдан берки тартыштыгы – сатуу-сатып алуу операцияларын катуу көзөмөлдөөгө алып келди. Улуттук банк тарабынан бардык жеке акча алмаштыруучу жайлар жабылды, валютаны учурда расмий жайлардан гана алмаштырууга мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here