Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер, айтылуу «демократиянын атасы» Казат Акматов агай менен Кыргызстандагы демократиянын пайда болуу тарыхы, учурдун курч маселелери тууралуу маек курганбыз. Бул маек гезитке жарыялангандан көп өтпөй, агай жарыкчылык менен кош айтышты.

-Казат аба, өткөн жылдарга кылчайып, мамлекет тагдырына көз чаптырганыңызда тээ жыйырма беш жыл мурдагы окуялар көз алдыңызга кандай элестейт?

-Биз ошол кезде, тактап айтсам, 1989-жылы 26-майда КДКны уюштурдук. Анда биз койгон, ал кезде түшкө кирбей тургандай деп эсептеген маселелер мындай болчу; биринчи – мамлекеттик тилди киргизүү, экинчи – суверендүүлүк декларациясын кабыл алуу, үчүнчү – борборубуздун атын Фрунзени алып салып Бишкек деп өзгөртүү, төртүнчү – өзүбүздүн мамлекеттик символдорубузду кабыл алуу сыяктуу. Анда эл булар жөнүндө ооз ачкандан коркушчу. Москванын бийлиги жүрүп, КПСС, КГБсы аман-эсен иштеп турган учур. Мисалы, экономиканы кантип өндүрүш керек же болбосо “Кумтөрдү” кантип иштетиш керек деген сыяктуу курч маселелер анда жок эле. Азыр бизге мындай суроо берип атышпайбы, демократия бузулду, экономика өнүкпөй жатат, социалдык саясат жакшы эмес, мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көбөйбөй атат деген бүгүнкү күндүн көп актуалдуу маселелерин айтканда эле, мына, силердин идеалдар аткарылган жок, баарын силер баштадыңар эле, кана, эмнеге жеттиңер, кайда мугалимдердин айлыгы, коррупция күчөп жатат, уурдап атат, жеп атат, “Кумтөрдү” иштете албай жатабыз деп бизди күнөөлөп сүйлөшөт. Ошол кезде биздин алдыга койгон максаттарыбызды алардын ар бирине айтып жеткире албайсың да. Анда биз алып чыккан көйгөйлөр баатырдык иштер болчу. Ошондо биз баарысы болуп 37 маселе коюптурбуз. Анын бир отуздайы аткарылыптыр. Мисалы, декларация, эгемендүүлүк, мамлекеттик тил, Бишкек шаары, улуттук маданият, улуттук тарых деген нерселердин баары аткарылды да. Биздин коомго эң эле көп демократиялык институттар кириптир. Мынабу расмий эмес уюмдар иштеп атпайбы, укук коргоо сыяктуу. Алардын саны жүздөн ашып кетиптир. Ичинен 60-70и иштеп жатат. Аны элес алган эч ким жок. Мунун баары демократиянын шарданы менен болуп жатат. Бул жагынан биз алдыга кетиптирбиз. Муну моюнга алыш керек. Биз ошондо базар экономикасын киргизип менчик киргизебиз, коомдук менчикти жоёлу деп катуу чыкканбыз. Жеке менчикти киргиздик, мамлекеттик менчикти азайттык. Бирок, эл ошол колуна тийген менчикти эптештире албай, алган кредиттерин кайра төлөп бере албай калып, өзүнүн дыйкан чарбасын да өнүктүрө албай ортодо калышты, алардын баары эми айтып атышпайбы, кана силердин жыргаткан демократияңар деп. Мен бул жерде актанайын деп жаткан жерим жок. Бул коомдун өнүгүшү деле татаал нерсе. Мындай алып карасаң, адамзат жаралгандан берки революциянын баары жакшы максаттарды коюп алдыга умтулат. Бирок, анын көбү иш жүзүнө ашпайт.

-Убагында эң таза, принципиалдуу иштеген Абсамат Масалиевди тактан түшүрүүгө да сиздин салымыңыз чоң деп жүрүшөт, буга эмне дейсиз? Абсамат Масалиев, Кеңеш Кулматовдор менен бирге Усубалиев менен да күрөшүп жүргөндөй болдуңуздар?

-Масалиев менен Кеңеш Кулматовго кошулуп, ошо кезде партиянын диктатурасын жоготобуз деп Усубалиевге каршы чыкканбыз. Бу киши Москванын тилин уккан киши эле да. 25 жылдык бийликте турган учурунун акыркы беш жылдыгында аялынын сөзүнө кирип, кадрларды чаба баштады. Масалиевди чапты, Кулматовду ЦКда үчүнчү секретарь болуп турганда, бөлүм башчы болуп турган мени куугунтуктады.

Бийлик талашкан ушакчылардын сөзүнө кирип абдан бузулду да акыркы беш жылда. Анан Кулматов, Масалиев, мен болуп арыз жаздык (мурдагы Андроповго жазган арыздарыбызды кайра эле Усубалиевге жиберип турушкан).

Менин негизги күйгөнүм, “Мезгил” романымды “антиорустук” деп мамлекеттик сыйлыктан (алган жеринен) алып таштап, пьесамды да “антипартиялык” деп, “Күндү айланган жылдар” деген романымды “антисоветтик” деп мени жалаң “анти” кылып таштаган. Ошентип, көбүнчө чыгармачылыгым боюнча Усубалиевге каршы туруп калгам. Масалиев анда Москвада ЦК КПССтин Украинаны көзөмөлдөгөн инспектору болуп кетти. Усубалиевге каршы чогуу арыз жазып жүрсөк, аны менен досмун да. Экөөбүз көрүшкөн жерден эле шилекей алышып өбүшүп жатып калчубуз. Анан (Усубалиев иштен кууп чыккандан кийин үч жыл кызматсыз калгам), Масалиев мени Союзга алып барып, Жазуучулар союзуна секретарь кылып шайлатып, бүт шарты бар партиялык үйдөн төрт бөлмөлүү квартира берип, аябай ынтымактуу болчубуз.

Кулматов Москвага Жогорку дипломатиялык курска кетип, айтор мамилебиз жакшы эле. Чатак эмнеден башталды дебейсиңби? Мезгил келип, бардык элдер өздөрүнүн мурдагы куугунтукталган элдик акын-жазуучуларын актай башташты. Украина баш болуп Москва, Казакстан кошулуп актай башташты. Анан биз да адегенде Касым Тыныстановду актайлы дедик. Ушул экөөнүн чыгармачылыгы боюнча комиссия түзүп, башында Салижан Жигитов туруп, булардын чыгармачылыгында элге, эл достугуна каршы эч нерсе жок болсо да советтик бийлик адабияттан алып ыргытып ийди, акташ керек деп Масалиевге арыз жаздык. Масалиев дароо бизди чогултуп алып, өткөндөрдү эмне кыласыңар, мындан көрө коммунисттер жөнүндө чыгарма жазбайсыңарбы, силер эмгек адамын жазгыла, Молдо Кылычыңарды мен окуп чыктым, бир да тарбиялык маанисин көрбөдүм, сууну жазыптыр, чымчыкты жазыптыр, мунун кимге кереги бар деп бизди аябай урушуп туруп, маданият бөлүм башчысы Роба Абдысаматовага Салижан Жигитов, Жолон Мамытов, мени кошуп мобулардын партиялуулугун карагыла деп тапшырды. Абдысаматова биз жагында болду. ошентип, чырылдап отуруп анан Москвадагы Кедрина деген атактуу чыгыш таануучуга арыз жаздык. Келип, ушул иштин ак-карасын териштирип бериңиз дедик. Масалиев чындыгында таза адам болчу. Бирок, партиянын гана чийген сызыгы менен болуп, эки жагын көрө алчу эмес. Заманга жараша өзгөрө албай койду. Кедрина ошондо 70тен ашып калган аял, атайын Бишкекке келип, мейманканада бир жумадан ашык жатып, Масалиевге жолуга да, сүйлөшө да албай кетип калды. Анан бир күнү Абдысаматова Смоленск облусуна делегация менен барып калды. Делегациянын башында Роба Абдысаматова болду. Жазуучулардан Омор Султанов, артисттер, сүрөтчүлөр кошо барышты. Анан биз Оморго сен Абдысаматованы биз тарапка өтүүгө үгүттөгүн дедик. Ошондо Романов деген ЦК КПССтин маданият бөлүм башчысы бар эле, ал аябай прогрессивдүү адам болчу. Анан Абдысаматова Омор Султановду ээрчитип Москвага барып, Романовго киришпейби. Романов барып ЦК КПССтин секретары Сусловго кирет. Кыргызстандан акындар келип, эки жазуучусун актай албай жүрүшөт деп. Романов Сусловдун атынан Масалиевге коңгуроо кылат. Бир күнү эле Масалиев бизди чакырып алып тапшырма берип калыптыр. Кана Кедринаңар, баягы иш эмне болду дейт. Анан бул ишти бизден алып (Абдысаматова бизге тартканын билип койду да), илим бөлүмүнө тапшыртып койду.

Анда Жолон ооруп аткан. Эки залкарыбызды актаган Бюронун чечими үч күндүн ичинде шашылыш чыкпадыбы. Анан кийинки пленумда каратып туруп: “Мына, ЦКнын илим бөлүмүндөгүлөр азамат, ушинтип кыргыздын мурда куугунтукталган эки жазуучусун актап чыгышты, ушулардай иштеш керек” деп сүйлөбөдүбү. Салижан баш болуп биз отуруп эле калдык. Анан КДК түзүлдү. Биринчи эле койгон маселебиз – эгемендүүлүк маселеси болду. Мунубузду уккусу да келбеди, тим эле каматам дейт. Биздин артыбыздан КГБнын төрагасы Асанкуловду салып койду. Ал Топчубек Тургуналиевди камайм деди, Жыпар Жекшеевге квартира берип алдай коюптур. Мен болсо депутат болуп калып мага тийише албайт. Калгандарды чырылдатып күндө чакырат. Токтоткула дейт. Биз болбойбуз. Ошентип, бардык 14 союздук республикалар эгемендүү болушкандан кийин гана бизге кезек жетти.

Анан ошондо легендарлуу парламент депутаттардын ичинен “114” деген блок түзүп (азыркыча айтканда – фракция), эгемендүүлүк жөнүндө декларация кабыл алдык. Талапты эми депутаттар койдук. Алардын ичинде Өмүрбек Текебаев, Абдыганы Эркебаев, анан мен бар. Текебаев жаңы гана депутат болуп келген жапжаш бала болчу. Сессияда биринчи болуп сөз алат, өзү билимдүү жигит, тим эле такылдап сүйлөйт. Топчубектер ачкачылык да жарыялап жиберди. Ошентип депутаттардын көбү биз жакка ооду. Аңгыча болбой, Ош окуясы болуп кетти. Аны дароо эле бизге шылтады. “Депутаттардын арасында Акматов деген мырза жигит бар. Ошто КДК түзүп, өзбектерге каршы коюп, ошол уюм чатак чыгарып, иш жүргүзө баштады” деп А. Масалиев түздөн түз күнөөнү бизге койду. КДКнын башына уюштуруу съездине Дыйканбаев деген жигит Оштон келди. 26-майда КДКнын уюштуруу съездинде сөз берсек, Дыйканбаев Масалиевди күтүүсүздөн аябай “туздап” таштады. Түнт киши, жадагалса туугандары өлсө барып бата кылбайт деп салбадыбы. Биз аны тыйып, ошентип отуруп ЦК Компартия кетти. Анан бийликке Акаев келди…

Маектешкен Назгүл Осмонова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here