2017 -жылы Бишкек мэриясы майрамдык салюттарга 1,2 миллион сом коротоорун, мэриянын мамлекеттик соода-сатык (закупок)  бөлүмүнөн билидиришти.

Мериянын маданият башкармалыгы, фейерверк — тартуулоо   кызматына  тендер жарыялады. 2017-жыл ичинде өтүүчү  майрамдык төрт   иш-чарага  (шаар күнү — 29-апрель, Жеңиш күнү — 9- май, Көз карандысыздык күнү — 31- август, Жаңы жыл -31 январь) шаардыктар жана коноктор үчүн  салют уюштурулмакчы.

Бишкек  мэрия жыл сайын салютка милиндогон сом бөлөт. Былтыр шаар күнү майрамдалган эмес жана ага байланыштуу акчаны жаңы-жылга которушкан.

Быйыл болсо 7-апрель эскерүү күнүн чоң майрамга айлантып, адыраңдап асманга салют атырыштты. Бул маселе коомчулукта катуу сынга алынууда. Жерге түкүргөндөр да арбын. Эң кызыгы, балдарын жоготуп, көз жаш төккөн ата-энелер бул шаңдуу майрамга анчалык деле каршылык  билдиришкен жок. Эмнеге? Же алардын да дүйнөсү түгөл болуп калдыбы? революция өз максатына жетип, мамлекетибиз укмуш гүлдөп кеттиби?

Чын эле, кайсы арларына салют аттырып жыргашты десең. Бул бийлик, бийликке келгендигинин 7 жылдык  урматын минтип салют менен белгилешти окшобойбу. Ошол опсуз салютка кеткен оңбогондой каражатты 7-апрелде өлгөндөрдүн айрым оор шартта жашаган үй-бүлөлөрүнө берип коюшса, же ок тийип эмгиче ооруп жаткандарга беришсе чоң сооп болмок. Муну менен бийлик элибиздин  өзгөчө жабыр тарткандардын ар-намысын бир топ тебелеп эле салгандай болду. Баса, ал салютка кеткен чыгымды мэрия ачык жар сала элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here