Рактын пайда болушу

Рак — бул организмдин каалаган бөлүгүн дартка чалдыктыруучу 100дөн ашык оорунун жалпы аталышы. Шишик кайсы органда пайда болгонун карап, ошол органдын рагы деген аталышка ээ болот. Мисалы, теринин рагы, кандын рагы ж.б. болуп бөлүнөт. Оорунун аталышы шишиктин рактын буттары сымал тегерегиндеги клеткаларды да чапчып, жайылып өскөндүгүнөн улам аталган.

Ракты онкология илими изилдейт. Статистикага таянсак, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен он миллионго жакын адам рак илдетинен жабыркап, алардын 8 миллиону бул оорудан көз жумат.

Рак бир гана клеткадан өсүп чыгат. Адамдын организми болжол менен 15 миллион клеткадан турат. Нормалдуу клеткалар мыйзам ченемдүүлүк менен өсөт, бөлүнүп, көбөйөт жана убактысы келгенде өлөт. Клетканын бөлүнүп, көбөйүшү клеткалардын өлгөн санына жараша болот. Бул процесс организм тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат. Ал эми клетканын бөлүнүп, көбөйүүсү жана өсүүсү бир органда тезирээк, экинчисинде жайыраак журөт.

Өзгөчө териде, ичегиде, лимфатикалык системада, сөөктө клеткалардын өсүп, бөлүнүп, көбөйүшү батыраак жүрөт.

Бирок, Физикалык (мисалы, ультрафиолеттик нурлары, радиация), химиялык фактор (канцорегендүү кошулмалар: түтүн, ыш, асбест ж.б.), биологиялык (мисалы, вирустар) факторлордун таасири менен дененин бир жериндеги клетканын түзүлүшү өзгөрүп, клетка көзөмөлсүз бөлүнүп, көбөйө баштаган учурда кездешет. Дал ушул мезгили жетсе да, өлбөй, бөлүнүп, көбөйө баштаган клетка рак клеткасы деп аталат.

Мындай клетка бөлүнүп, көбөйүп олтуруп, шишикти пайда кылат. Шишик коңшу органдарга жайылып кеткенге чейин жетет. Ушинтип болгону бир гана өзгөрүүгө туш келген шишик келип чыгат да, рак оорусуна айланат. Кээде иммунитеттин төмөндөп кетишинен да рак клеткасы пайда болот.

Рак оорусунун түрлөрү

Рак залалдуу жана залалсыз болуп эки түргө бөлүнөт. Залалдуу шишик залалсыз шишикке караганда бат өсөт жана дарылоо кыйынга турат. Залалсыз шишикке кабылгандардын 95 пайызынын заманбап дарылоо ыкмаларынын арты менен толук сакайып кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Рак узак стадиялуу оору. Ашказандагы, өпкөдөгү, сүт безиндеги шишиктин диаметри 1,5 сантиметрге өсүп жетилиши үчүн 5-10 жыл керектелет.

Органдардын ракка кабылышынын себептери ар кандай. Мисалы, ашказан алдындагы бездин рагы. Бул күнүмдүк тамак-ашка малдын майын көп колдонуудан келип чыгат. Андыктан, эт менен майды азыраак колдонуу керектигин унутпаңыз. Табарсыктын рагынын келип чыгышы окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, тамекини көп чегүүдөн улам пайда болот.  Ашказан рагы тамак-ашка крахмалды (нан, картошка, ун азыктарын) көп колдонуп, жашылча-жемиштерди аз колдонгондон келип чыгат. Тез даярдалчу азыктар, чизбургер, хот-дог, куурдак, шишкебектин түрлөрү да ашказанды дүүлүктүрүп, рак клеткаларынын пайда болушуна алып келет.

Боордун рагынын пайда болушуна афлотоксин уусу себепкер. Аталган уу организмге грибок оорусуна чалдыккан дан-өсүмдүктөрүнөн жасалган тамак-аш аркылуу кирет. Жер жаңгактардын түрлөрүндө да бул уу болушу ыктымал.

Урук өсүүчү бездин рагы малдын майын көп колдонуудан келип чыгат. Анткени, малдын майы кандагы жыныс гормонунун деңгээлин жогорулатып, рактын чыгышын шарттайт. Андыктан, ооруну алдын алуу үчүн тамак-ашка өсүмдүк менен балыктын майын көп колдонуу керек.

Сүт безинин (эмчектин) рагынын пайда болушун жыныс гормону эстроген шарттайт.

Аял кеч төрөсө эмчек рагына кабылышы мүмкүн. 18 жашында төрөгөндөргө караганда 30 жашында төрөгөндөрдө бул оору 3 эсе көп кездешет. Мунун себеби, курсактагы түйүлдүк аялды рактан сактоочу белокту иштеп чыгара тургандыгы менен түшүндүрүлөт.

 Рак илдетин дарылоо

Нур терапиясы. Бул шишикти рентген нурлары менен нурландыруу. Мында рактын клеткалары өлүп, организмдин клеткалары зыянга учурабай калат.

Химия терапиясы. Бул химиялык дарылардын таасири менен шишиктин өсүүсүн басаңдатып, токтотуп, жок кылуу.

Гормон терапиясы. Эмчектин рагы менен урук чыктагыч безинин рагын айыктырууда гормоналдык дарылар кеңири колдонулат.

Операция. Шишик кесилип алынып салынат. Операциядан соң, адам айыккыча дарыгердин көзөмөлүндө болот.

 Рактын алгачкы белгилери

Рак клеткалары адамдын абалын начарлатып, шалдыроого, табиттин жоголушуна, арыктоого алып келүүчү уу заттарды бөлүп чыгарат. Ошондуктан, адам жогоркудай абалга кабылса, сөзсүз дарыгерге кайрылып, текшерилүүсү зарыл. Бул адамда рак оорусу бар болсо, убакытты өткөрүп жибербей дарыланууга тийиш.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here