Автор: Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев.

Жаз тууралуу ырларымды сунуш кылардын алдында окуучулук жылдардагы бир учур эске түштү. 7-класстын “Русская литература” китебинде А. Саврасов. “Грачи прилетели” (Чар каргалар учуп келишти) деген сүрөт бар эле. Орус тил эжебиз ошол сүрөт тууралуу көп жакшы нерселерди айтып бере берчү. Ошондон уламбы, билбейм, менде орустарга жазды каргалар апкелет турбайбы деген түшүнүк пайда болгон.

-Эмне үчүн ошондой каргалар бизде жок?-деп сурагам.

Эжейимдин буга эмне деп жооп бергени бүгүн эсимде жок. Бирок биздин каргалар учса эле күн бүркөктө учаарын, биздин каргалар учса эле жаан же кар жаарын ойлоп, орустарга жазды апкелген Саврасовдун чар каргаларына суктанып, бизде да ошондой каргалар болсо деп тилер элем.

Мектепти, классташтарды, айылды, балалык сүйүүнү эске салган бул сүрөт башкаларды билбейм, менин өмүр бою эсимде калды. Саврасов менен жакында “тааныштым”. Ырды болсо жаңы жаздым.

* * *

Санаамда ”жарк” деп күлөсүң,
Санаймын сааттын мүнөтүн.
Кайталайт улам эжейим,
Карганын бакта сүрөтүн.

-Жактырып ушул жайды алар,
Жазды алып келди каргалар.
…Айнектен сыртты карасам,
Жаап аткан экен майда кар.

Булуту киргилт, ныкталган,
Бук болсо чиркөө жыттанган.
Орустун жазын орустан
Ошондо чындап кызгангам.

Балалык сүйүү биз эккен,
Байкатпай күчөп, ич эзген.
Жаныңда жүрсөм дечү элем,
Жазды уурдап чыгып китептен.

Адырдын жолун теминтип,
Арыктын суусун элиртип.
Айылга жазды биринчи
Апкелген бала дедиртип.

Көккө уча жаздап аз калып,
Көрүнгөн кызга мактанып.
Энеме бербей эң алгач,
Саа барат элем жазды алып…

* * *
Жылымтык күндөр төгүлөт,
Жылгалар тоодон бөлүнөт.
Жыңайлак кыя, андан соң,
Жыртык тон аңыз көрүнөт.

Таргыл уй өңдүү маталып,
Талаалар жүдөө шапайып.
Кашаттын, дөңдүн, бейиттин,
Карааны улам азайып.

Жумук көз чөөттү акпаган,
Жука муз менен чаптаган.
Жупкадай жолдор чыйрыгат,
Жумалбай көзүн каткалаң.

Таң секин тамга жөлөнүп,
Тал-терек үшүп, көгөрүп.
Абакем келип тоолорго
Жазды алып кетти өңөрүп.

* * *
Аргын жел согуп араң, жай,
Алышты бойлоп бадалдар.
Албырып талдар тамылжыйт,
Ай-күнү жеткен аялдай.

 

Кумурска куунап жүк ташып,
Кум-чапты жашыл түк басып.
Жердеги чөптөр жүгүрөт,
Желени көздөй сүт ташып.

Ат жолдор өткөн чаң ысып,
Арыктан суулар жарышып.
Апрель биздин айылга,
Апкелди жазды агызып.

Шыбырап чөптөр төрдөгү,
Шыбактар жонду өрдөдү.
Чак келбей калды кыздардын
Былтыркы кийген көйнөгү.

* * *
Жан-алы калбай тызылдап,
Жаз келе жатат кытылдап.
Дөңгөлөк Күндөн корккондон
Дөбөдө олтур кыш ыйлап.

Талыкшыйт тамдар жылчыйган,
Тал-терек арык ыркыйган.
Таранчы жамап бүтпөй жүр,
Талаанын жонун жыртылган.

 

Аба да кенен дем алып,
Арыктар ысып “тер” агып.
Алты айлап кыштан чарчаган
Айылдар эми сеп алып.

Жашоо деп жандар дүрбөгөн,
Жаз тостук жалган дүйнөдөн.
Бейити келип жок болуп,
Бедеси кайра гүлдөгөн.

* * *
Бук болгон шамал көшөрүп,
Булутун жонго көтөрүп.
Жакага түшкөн жол менен
Жаз келе жатты жөтөлүп.

Айдоолор жашын агызган
Ак туман көчүп аңыздан.
Адырды артып баратат,
Алаңдап карлар алыстан.

Балдардын үйдө сөзүнөн,
Бактысын көрдүм көшүгөн.
Алоолоп жалын “дүрт” этет,
Айгырдын азоо көзүнөн.

Арылып суусу боорунан,
Айыкты карт чал оорудан.
Чатырап баскан келиндин
Чачырайт Күнү соорудан…

* * *
Күндөр бөлөк, бири да жок андайдын,
Күүсү бөлөк көк тиреген тамдардын.
Күркүрөгөн күчүн эбак унуткан,
Күн быякта күү-шаа түшүп жаагандын.

Алтүндөгү сууда калган кийиздей,
Асман бизде үнү жок жаайт жиникпей.
Анда-санда чагылган да көрүнбөйт,
Ата берип жок кылышкан кийиктей.

Отун уурдап отсуз, күнсүз жандардын,
Ордосунда жашап калдык жалгандын.
Оюнчугу батпай турат дүкөндө,
Оюну жок, бирок биздин балдардын.

… Бала кез жүр бастырманын жанында,
Бакыт деген ата-энеңдин тамында.
Кереги жок ат башындай алтындын,
Алпар мени, Ат-Башыма—айылга?

“Тарс!” эткенде бүткөн боюң дүрүлдөп,
Талаа кыйрап, тоолор көчүп күрүлдөп.
Буркан-шаркан кыян жүрүп заматта,
Булуттарды шамал айдап күжүлдөп

Каяккадыр ала салып акканын,
Кайыңдынын “шаңк” дей түшкөн асманын.
Арча менен шыбактардын жыты аңкып,
Айылдардын жаз кучактап жатканын.

Таңын, кечин тасмалындай төгүлгөн,
Таш жолдорун тарамыштай өрүлгөн.
Тамчыларын мөлтүлдөтүп талдагы
Таранчынын көздөрүнөн көрүнгөн.

Чагылганы мизинде ойноп жалындын,
Күн күркүрөп, жер солк эткен айылдын.
Жаалы—мөндүр, жашы—жамгыр, жаны—сел,
Жасалмасыз накта жазын сагындым!..

27.03. 17—2.04.17. Арча-Бешик

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here