Көпчүлүккө маалым болгондой аз күн мурун «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагы өттү. Дагы эле баягыдай ызы-чуу менен коштолду. Ал сынактын өтөөрүнө бир күн калганда уюштуруучулар сынакка катышып жаткан Абдымомунова сынак өтчү жайга барганда күзөттө турган балдар аны киргизбей коюшканын,  уюштуруучу Таттубубу Самидин кызы Алтынай Абдымомунованы уят сөздөр менен сөгүп,  “кайдан келсең, айдан кел” дегендей мамиле кылып, кол шилтеп ичкери кирип кеткени тартылган тасмасы интернетке жарыяланып, ал тасма дале болсо кызуу талкууга алынууда.

Эске сала кетсек, “Чагылган” сайты да жакында эле жылаңачтанган сулуу кыздарга карата катуу сын менен:  «Жылаңачтанып, сулуу болбой эле койгула, кыздар! Сулуулук  деген ыйманда…» жана  ошол макалдан улам жазылган » Жамила сулуу, сүрөтүн жарыялагандарга сүр көрсөтүп, сотко берем дейт » -деген (каалоочулар бул шилтемени басып окуңуздар) аталыштагы эки макала жарыялап, ал макалалар эң көп окулуп, ага карата соцсеттерде эң көп пикир жазылып,  ар кандай талаш-тартыштуу  кептерди жараткан. 

https://www.youtube.com/watch?v=Obgz4f4m_38

Сынакка калыстар тобунун мүчөсү болгон ырчы Айгерим Расул кызы да сынактын жеңүүчүсү алдын ала тандалгандыгын кыргыз сулуу кыздарына “өзгөчө” суктанып, элдин алдына жылаңачтап алып чыгып келаткан Супер инфо гезитинин сайтына төмөнкүлөрдү айткан:

“Бул сынак коммерциялык максатта өткөрүлгөн…”

 -Республикалык деңгээлдеги «Кыргызстан сулуусу» деген сынакты ушундай жаш, эч кандай тажрыйбасы жок кыздын тандоосуна ким уруксат берди деген суроо жаралат. Бизде Маданият министрлиги бар да. Башка өлкөлөрдө мындай чоң сынактарды бир гана Маданият министрлиги чечет. Андыктан мындай сынакты биздеги кадыр-барктуу, тажрыйбалуу маданияттын өкүлдөрү катышуучуларды ар тараптуу сыноодон өткөрүп, Кыргыз өлкөсүнүн атын татыктуу көрсөтө алган адамды тандашы зарыл болчу деп ойлойм. Бул сынак коммерциялык максатта өткөрүлдү окшойт. Анан дагы 17 кызга 15 миң сомдук билет саттырганда деле 255 миң сом болот, демек, жакшы бизнес экен. Бирок ушунча акча чогултат экен, жок дегенде подиумга жарык коюп койсо болмок эле.

Кыскача айтканда, сынактын кемчиликтери аябай көп болду. Дипломдорду тапшыруу учурунда байкасам, эч бирөөнүн кол койгону же мөөр басылганы жок. Таттыбүбүнүн аты жазылып турат, бирок колу жок. Кыскасы жөн эле бир кагаз. Мыйзамсыз сынак десе дагы болот. Мен атайын Ош шаарынан сынак мамлекеттик деңгээлде өтөт деп келген элем. Бирок сынак мектеп деңгээлинде болду. Соңунда уялганымдан акырына чейин тура албай чыгып кеттим» — деп ал да конкурстун деңгээлин ачыктаса, кыргыз кызын жылаңатаганда жакшы көргөн  уюштуруучу  ырчынын бул сөздөрүн четке кагып,  сынак жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилептир. Ким эле болсо өзүнүн иш-чарасын жамандбай калсын. Ал кыз мен укмуш кыйратып салдым деп жатса керек да.

Бул сынак “укмуш” өткөнү Айгерим айтып чыкпаса деле, көрүнүп турат. Эптеп эле чырайлуу кыздарды жылаңачтап, алардын артынан акча жасагысы келген шупмайлар акыркы күндөрү абдан эле көбөйүп баратат. Алардын бири өз кезегинде жылаңачтанып, эл алдына денесин көрсөтүп, сулуулар сынага катышып жүргөн, жеңүүчү болуп, мындай сынактардын далайын көрүп калган Татүбүбү Самидин кызы экен. Аны төмөндөгү сүрөтүнөн деле байкасаңыздар болот.

Алтынай…

Бул тасмада Татүбүбүдөн акчасын ала албай «истерика» болуп, сөгүнүп-сагынып, аны ашытып жаткан кыз 21 жашта. КРСУнун студенткасы экен. Мурун кайсы бир мындайраак сулуулар сынагында жеңүүчү болуптур. Берки Самидин аксакалбы, жаш мырзабы, айтор анын кызы да болушунча сөгүнүптүр. Же сулуулардын тили ушунча да уу болобу? Же сынакка катышкандардын баары болбосо да, көбү ыймандан кур жалак калышканбы? Андай болсо, сулуу болбой эле, сумуран калгыла…

Эсибиз барда токтотпойлубу. Жогоруда айтылгандай, мындай сынактар ыплас жолдор менен өткөрүлөт. Көп кыздар абийирлеринен да айрылып калышы толук мүмкүн.  Андан учурлар деле көмүскөдө болуп келген. Болгон эмес деп ким Кудай алдында калп айта алат?! Жок андай көрүнүш эч качан болбойт деп акмактар гана айтпаса…

Айгерим ырчы айткандай кээ бирлери өздөрүнө жаккан кыздарды алдына-ала сүйлөшүп, жыйынтыгында сулуу деп, жеңүүчү деп табат. Андай нерсенин артында ар кандай кызыкчылыктар турары бышык.

Уюштуруучулар мындай сынактардын айынан кайсы кыздын тагдырына, кандай балта чабылып жатканы менен эсептешмек беле? Урганы да жок да. Алар сынак жарыялашат, кыздарга ар кандай, жакшы –жаман талаптарды коюшат, акча өндүрүүнүн аракетинде болушат. Кыскасы, кыргыз кыздарынын абийирлери төгүлүп жатканы менен иши жок. Анан, анча-мынча биздин чырайлуу, бирок жеңил ойлуу, намысы жок, батышты туурагысы келген кыздарбыз ал жарыяланган сынактарга барып катышып жатышпайбы. Ал сынактан жеңип,  акчалай байге алып, анан калса чет өлкөгө барып келген сулуу кыздар башка жаш сулууларга стимул болуп, аларды “чечинтүүгө” жол ачышат. Туурабы, туура.

Андыктан, кыргыз кыздарын жылаңачтантып, элге бөлөк-салактатып төшүн, ары бери чайпалта басып көчүгүн, анан калса, алакандай абийирин да чала-бучук көрсөтүп даңазалаганды токтотпойлубу. Заманга шылтап эле, оюубузга келгенди жасай берсек, кыла берсек болобу? Ансыз да барган сайын кыздарыбыз да, жигиттерибиздин да ыйманы азайып баратат.  Ыйманга чакырып, аздыр-көптүр ыймандуу болбойлубу? Нарктуу аксакалдарыбыз да барган сайын  азайып кетти. Алар деле бул кыздар тууралуу өздөрүнүн наасат кебин айтышса… Элита деп эсептелген  чөйрө бул маселе боюнча эмнеге үн катышпайт? Же аларга жылаңач кыздар жагып жатабы? Бул маселеге үн кошуп, чечкиндүү аракеттерди жасабайлы, мекендештер!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here