Муфтият Абдишүкүр ажы Нарматов жана аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов бүткүл дүйнөлүк Ахли Сунна аалымдар лигасына мүчө болушканын кабарлады.  Буга байланыштуу Ислам динибиздин айтылуу аалымдары Абдышүкүр Нарматов менен Чубак ажы Жалилов Аалымдар Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өтүүчү бүткүл дүйнөлүк Ахли Сунна аалымдар лигасынын жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетишикени маалым болду.

Абдышүкүр ажы бир топ жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы болуп келет, ал бул кызматка жакында эле кайрадан бир ооздон шайланган болчу. Биз да бул айтылуу эки аалымыбыздын иштерине ийгиликтерди каалап, даражалары мындан да бийик болуп көтөрүлө беришине тилектешпиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here