Турмушта көптөгөн адамдар менен мамиле кылабыз, кээде сени бирөө жактырбаса деле жабыша бересиң, жагына бересиң, чарчайсың. Себеби анын терс энергиясы сага кирип жатпайбы ? Кыйналасың, ооруйсуң, азап чегесиң. Байкадыңбы сени жактырбаганыны алыста андан, өзүңө жакшы болот. Баардык эле адам сени жакшы көрбөсүн түшүн.

Кээде сен ылгабай эле көп адам менен мамиле кыла бересиң. Эми ойлончу кимиси кандай; кээ бири сыйлап мамиле кылат, кээ бири төрүңө өтүгүн чечпей өтөт, кээ бирине 99 жолу сураганын бер 1 жолу бербе сен жамансың . Ким сени менен эмне максатта мамиле кылып жатканына байкоо жүргүз. Чыныгы мамиледе ким калат,  ошол адамды изде.

Кээ бир адам сени менен эс алганды , пикир алмашканды , кеңеш сураганды жакшы көрөт. Булар энергияңды соруучу вампирлер. Сени мактап, сен жакшысың деп койсо дардаңда, энергияңды бүт сарптап, сордуруп соолуп жатып каласың. Качан сенин энергияң керек болгондо дагы пайда болушат алар.

Өзүңдү өзүң сүй, өзүңдү өзүң сыйла, өзүңө өзүң ич ичиңден күч топто ошондо гана өзүңө энергия топтой аласың.
Өзүңө энергия алуу үчүн жаратылыш менен тыгыз байланышта бол.
Сен ким менен бирге болгондо , өзүң үчүн жакшы болот. Ошол адамдан кол үзбө. Сен ким менен жанаша болгондо, сен үчүн өтө кыйын , ошол адам менен мамилеңди үз. Жаныбыздагы адамдар бизге сыноо үчүн жиберилет , аны тандай билүү өзүбүздөн. Ой максат, тилектерди 100% өзүң колго ал. Өз жашооңдун планын өзүң түз. Жөн эле жашай бербестен.
Сен бактылуу болууга таттыктуусуң!!!
Өз жашооңду өз каалаганыңдай түзүп алуу өз колуңда.
ӨЗ ЖАШООҢДУН АВТОРУ ӨЗҮҢСҮҢ !!!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here