Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Максат Чойбеков деген бар. Кезинде бул жигитти Бакиевдердин жакын адамдары, ошол кезде Ички иштер министрин жетектегендер ар кандай иштерден калкалап, кызматтан көтөрүлүүсүнө чоң өбөлгө болгону айтылып жүрөт. Өзүнө окшогон Жеңиш Жоробеков деген досу бар. Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт болуп, экөө издешпей табышкан кыйышпастардан. Жоробеков Петровка окуясында элге күч колдонуп, чыр чыкканда ошол учурда ИИМ министри Молдомуса Конгантиев Тогуз-Торого которгон. Кийин бул экөөнүн 2010-жылдагы революциядан кийин алтын маселесине байланышкан былыктары тууралуу маалымат каражаттарында кеп болгон. Максат Чойбеков 2 ай УКМКнын СИЗОсуна жатып чыккан. Анан бул контрабандага шектелген, арты таза эмес адамдын Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүн жетектеп жатканы табышмак.

Досу Жоробеков жакында эле Жалал-Абад Ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда жасаган былыктары билинип, кызматтан айдалды. Бирок Чойбеков ордунан козголгон жок. Айткандай, буга дейре кайсы бир басма булагы Чойбеков каналга түшүп кеткен кызды куткарам деп кайтыш болгон милиция кызматкерине чогулткан акчанын жарымын берип, жарымын кытып калганын жазган.

Маалымат чыгып, ызы-чуу болгондон кийин жарымын алып барып бергени кийин маалым болгон. Анан шектүү, күмөндүү иштери көп Чойбековдун жетекчи болуп отурууга моралдык укугу барбы деген суроо жаралат. Бул жигит тууралуу кызыктар көп экен. Иликтеп жатабыз, далай «фокустары» ачылат жакында…

Булак: Фабула

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here