Камчыбек Ташиев «Фейсбук» аркылуу Садыр туурасында пикир сураган «Фейсбук» колдонуучусуна: «Ойлонулбай жасалган иш, өз башына муш деген ушул. Садырдын жеңил ойлуулугунан канча жолу жабыркадык, эми силер да түшүнөсүңөр», — деп жооп берди деген маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынды. Көпчүлүк Ташиевди адамгерчиликти билбеген түркөй, саткын катары сыпатташып, ур-тепкиге алышты. Камчы антип айтмак эмес деп, коргогондор да чыкты. Бирок Камчыбек Ташиев ак же көк деген жок. Айтор, кыйын күндө бир кездеги досун эң кур дегенде моралдык жактан колдоого жарабаганы коомчулукту түйшөлтүп, тескери пикир жаратып алды.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here