Жаңыдан кызматына киришкен Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев облустагы көйгөйлөрдү жана алдыдагы иш-планын бизге айтып берди.

 -Узарбек Казиевич, көп учурда жетекчилер алмашарда анын ордуна келчү кишинин аты эртелеп айтыла баштайт. Сиз бул кызматка көпчүлүк үчүн күтүүсүз келип калдыңыз. Бул иш сиз үчүн да күтүүсүз болдубу, же пландарыңыз бар беле?

-Чынын айтсам, бул кызматка деле келем деп ойлогон эмес элем. Депутаттык ишимди активдүү алып барып, сот системасын реформалоо боюнча чет мамлекеттин тажырыйбаларын көрүп, мыйзам жазуу аракетин жасап, иш сапарларга чыгып, аймагыбыздагы көйгөйлөр менен таанышып, конституцияга өзгөртүү кийирүү боюнча реформага активдүү катыштым. Облуска жетекчи болуп келем деген ой жок эле. Премьер-министр чакырып, “Асхат Акибаевич башка жумушка кеткени жатат, анын ордуна сизди сунуштадык. Көл тарапты жакшы билесиз, иштеп кете аласыз” — деп ишеним көрсөткөндүктөн, макул болдум. Себеби, мен ушул жерде туулуп-өсүп, орто билимге ээ болдум. Жогорку билим алып келгенден кийин дагы айылыма келип, айылдык кеңеште депутат, андан соң төрага болдум. Кийин райондук кеңеште төрага болуп иштедим. Туризм багытында дагы өз күчүмдү сынап, “Аврора”, “Кыргыз деңизи” санаторийлеринде иштедик. Коомчулук менен активдүү иш-аракеттерди жүргүзүп, жаштар уюмун түзгөнбүз. Спорт жагына да аралашып жүрөбүз дегендей. Бул кызматка келип эле райондорду кыдырып чыктым. Жолугушууга келген адамдардын 60-70 пайызы көзгө тааныш көрүндү. Бул ишти ишенип сунуштагандан кийин аны жакшылап аткарууга аракет жасайм. Албетте, бул мен үчүн чоң жоопкерчилик.

Быйыл туристтик сезонду өткөрүү боюнча кандай иштер  аткарылат?

 — Учурда бардык тармактар боюнча мамлекеттик даяр программалар бар. Биз өкмөттүн түздөн түз өкүлү болгондуктан, аларды ишке ашырууга аракет жүргүзүшүбүз зарыл. Бирок, анын баары эле каржы маселесине такалат.

Акыркы жылдары мамлекет тарабынан чоң иштер жүрүп жатат. Бишкек-Торугарт жолу Балыкчыга чейин жасалды, эми Корумдуга чейин жол салынууда. Буюрса, азыр “Ислам өнүктүрүү баркы” менен өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, Корумдудан Караколго чейинки жолду оңдоо, “Дүйнөлүк банк” менен Түп-Кеген жолунун 38 чакырымын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Алдыда Санташка жана Балыкчы шаарына туристтик маалымат борборун коюу мерчеми бар. Ал жерде жолоочулар эс алып, интернет колдонгудай шарттар болот. Алдыда Каркыра постун жайы-кышы иштетүүнү көздөп жатабыз. Ал иштеп турса, туризмге эле эмес, айыл чарбасына дагы пайда алып келет.

Туризм десе эле өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүү маселесин эмес, аларды тейлөө жагын дагы карашыбыз керек. Инфраструктура, таза суу, санитардык абал, ошондой эле, көлүбүздүн экологиялык тазалыгын сактоо маселелери бар. Анан да, учурда саркынды сууларды тазалоо жайлары көл өрөөнү боюнча кейиштүү абалда турат. Мейли Каракол, Чолпон-Ата, мейли Тамчы, Бостерини албайлы, бир катар эс алуу жайларда саркынды сууларды тазалоо жайлары жок. Алар ушул системаны оңдобосо, ал эс алуу жайлар иштебеши керек. Ошондуктан, биз ушул шаар, айылдардын баарын бириктирип саркынды сууларды борборлоштуруу системасын курууну мерчемдеп жатабыз. Буга таштанды төгүүчү жайлар да кирет. Жакында экотехинспекция, айлана чөйрөнү коргоо агенттиги сыяктуу тийиштүү адистер, көз карандысыз эксперттер менен биз ушул абалыбыз менен 10 жылда кайда барабыз деген маселени талкууласакпы деп жатам. Албетте, бул маселе бүгүн эле чечилип кетпейт. Бирок, муну болушунча тездетпесек болбойт.

-Демек, бул жылы саркынды сууларды тазалоо системасы жок эс алуу жайларды жабасыздар?

 -Ар бир жылы жайкы сезон ачыларда атайын комиссия түзүлүп, эс алуу жайларды текшерүү иштери болот. Былтыр бул боюнча олуттуу иштер башталган. Быйыл биз да катуу көзөмөл жасайбыз. Бул көлдү сактап калууда өтө чоң мааниге ээ. Бул боюнча чындап эле талапка жооп берсе, иштей берсин. Эгер андай болбосо, иштетип кереги жок. Туризм десе эле, жалгыз эс алуу жайлар эмес, ошол эле техинспекция, санитардык-эпидемия көзөмөл кызматы дагы жакшы иштеши керек.

-Өз убагында Өкмөт тарабынан 2020-жылга чейин шакекче жол бүтөт деген билдирүүлөр болду эле. Мындай “ылдамдык” менен жакын арада бүтөбү? Быйыл курулуш иштер кайсы жерге чейин жасалат?

 -Өткөн жумада бул маселе боюнча транспорт министрлиги менен сүйлөштүк. Жакын арада буга чейин жасалган жумушту алар менен биргеликте текшерип чыгабыз. Алардын айтуусу боюнча, бул жылы убакытты өткөрбөй былтыр салынган биринчи катмардын үстүнө экинчи катмарды салуу пландалып жатат. Буга Чолпон-Атадагы ат майдандын тушундагы жол да кирет. Мындан сырткары, Сары-Ой айлынан Кара-Ойго чейинки жол асфальтталат. Келген туристтерге тоскоолдук жаратпагыдай шарт түзүп, Тамчыдан Балыкчыга чейинки көпүрөлөр жайга чейин бүткөрүлүшү керек. Негизи шакекче жол башталгандан кийин аягына чыгат. Ал түндүк-түштүк альтернативдик жолунун уландысы. Бул жолдун ар кайсы бөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бир жагы эскирип кете электе экинчи жагын бүтүрүү жагы каралып жатат.

-Көлдө “Кумтөрдөн” башка деле ири ишкана жок эмеспи. Облуста өнөр жайды өнүктүрүү боюнча кандай мерчемдер коюлган?

 -Жакында Жогорку Кеңештин депутаты көлгө Кытайдан инвесторлорду алып келиптир, алар халат, полотенца чыгарат экен. Кытай ишкери Балыкчыга завод ачам деген ой менен келип, калкынын санын көрүп, “сиздер биздин заводду жумушчу орун менен камсыз кыла албайт экенсиңер” деп айтты. Балыкчыда киши аз, анын үстүнө жумушка элдин баарын эле ала бербейт да. Мен ал кишиге ыразы болгонум, “Бул фабриканы ачканда химиялык калдыктар көп чыгат. Ал эми, силердин жер өтө кооз экен. Жаратылышты булгап алышым мүмкүн” деп билдирди. Ошондуктан, ар бир ишкананы ачканда, алыбызга жараша ылайыкташтырышыбыз керек. Бир ишкана ачсак да, көргөзмө үчүн эмес, жаратылышка зыяны тийбегидей, кийин келечекте иштеп кеткидей, сырьё жетишкидей ачуу кажет. Мындай ишти бизнес чөйрөсү өзү ыңгайлаштырып жасашы зарыл. Жергиликтүү бийлик ага шарт түзүп бериши кажет.

Биздин облуста тоо-кен тармагында бир катар маселелер бар экен. Мен эл менен жолугушууларда болгондо, айылдык кеңештин депутаттары кайрылышты. Бизде учурда 10дон ашык пайдалуу кен чыккан жерлер бар экен. Аларга лицензия алгандар аны иштеткен эмес. Мындай кендер иштеп кетсе, аймактагы бир топ маселелер чечилет. Биз жакында бул лицензияларды ким кармап олтурганын тактап, мамлекеттик геология агенттиги менен сүйлөшүп, алар иштете албаса лицензиясын кайра кайрып алуу маселесин карайбыз.

Мындан сырткары, сиз билесиз, биздин облустун 60-70 пайызы айыл чарба менен алектенишет. Бул тармакты заман талабына жараша иштетишибиз керек. Мага чейин эле аймакта 14 класстерди аныктап алган экен. Ошол боюнча ишти улантабыз. Учурда сүт класстери толук иштөөгө даяр болуп калды деп жатышат. Жыл сайын дыйкандар ишин жүргүзүү үчүн лизинг, насыяларды алып келишет. Бирок, жетишпей, түшүмү кар жааганча жыйналбай калган учурлар бар. Ошондуктан, быйыл чоң-чоң жери бар айыл өкмөттөргө техника жагынан жардам берүү жагын ойлонуп жатабыз.

-Учурда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тууралу ар кандай пикирлер айтылып келет. Калк карасында андагы тендерлердин өтүшү боюнча дагы күмөн ойлор бар. Фонд менен сиз кандай иш алып барасыз?

 -Ал фонддун жетекчилиги мен келгенге чейин эле алмашып жаткан экен. Бул кызматта жакшы финансист болушу зарыл. Жабык нерсе дайыма күдүк ойлорду жаратышы мүмкүн. Андыктан, анын ачык-айкын болушу үчүн аракет жасайм. Эгер анда финансылык мыйзам бузуулар болсо, аны текшерип-тескөөчү органдар бар. Буга чейин да текшерип келишсе керек. Ал эми, тендерлерди өткөрүүгө айыл өкмөттөр катышса болот. Мурда курулушту кайсы компания арзан баада бүтүрсө, ошол компания тендерде утуп алчу. Азыр андай болбойт. Компаниянын тарыхын, буга чейинки иштерин көрүү керек. Керек болсо, ал компаниянын кандайдыр бир деңээлде каражаты болушу зарыл. Ал өз каражатына фундамент курсун, анын сапатын текшерип, андан кийин акчасын берген да туура. Алардын ишинин 80 пайызына акча төлөп берип,  20 пайызын курулуш толук бүтүп, кабыл алгандан кийин төлөп берсе да болот. Ошентип, курулуштун улам бир бөлүгүн кабыл алып жүрүп олтуруу жакшы натыйжа берет деп ойлойм. Бул шартка макул болгон компаниялар иштесин. Азыр курулуш тармагы борбордо басаңдап калды. Аймактардагы курулуш иштерине көп эле компаниялар катышат болуш керек. Мен аймакты кыдырып жүргөндө, Түптө курулуштар боюнча нааразычылыктар айтылды. Андай курулушту ким курса жооп берсин.

-Курулуштарды мурда сапатсыз жасаган компаниялар кайра эле тендерге катышып жаткан учурлар да бар. Аларды кара тизмеге киргизип коюуга болбойбу?

 -Ошол маселени мен дагы ойлонуп жатам. Мыйзам жол берсе, кара тизмеге киргизип коюш керек. Бир мектептин курулушун бүтүрбөй жатып башка курулушту мойнуна алган болбойт. Баарына жетишсе макул, анан бир ишин жакшы бүтпөй, экинчисине аракет жасаган туура эмес да.

-“Аалам ордо” кароосуз калды.  Анын келечеги кандай?

 -Менде бул боюнча толук болбосо да маалымат бар. Былтыр бул маселеге кызыгып көргөм. Ал жер токой чарбасына карайт экен. Аны жеке ишкер арендага алып иштеткен. Мунун идеясы жакшы, бирок, кийинки жылдары ал каралбай калды. Ошол идеяда салынган “Рух ордого” канчалаган иш-чаралар өтүп жатат. Бул жер да ошол сыяктуу жайга айланса жакшы болбойт беле. Мен ал ишкер менен жолугуп,  сүйлөшкөм. Ал Кытайдан инвесторлорду алып келип, бул курулушту аягына чыгарам деген. Негизи көлдүн түштүк тарабын этнотуризм багытында өнүктүрсө болот.

Тоң районунда “Салбуурун” ассосациясы бар, Кызыл-Туу айылынын эли боз үй жасоо менен алектенишет. Ат оюндарын өткөрүүгө ылайыктуу жерлер бар. Айтор, көлдө көп ишти алып барса болот. Караколдо бир лыжа база аркылуу канчалаган эл каражат таап жатат. Дагы да жасала элек жумуштар арбын.

Лыжа базасына келген туристтер саат бештен кийин эмне кылышат? Шаар жетекчилиги ишкерлер менен биргеликте маданий эс алуу жайларын уюштуруу жаатында иштеши керек.

-Көл биосфералык аймак. Андыктан, айлана-чөйрөбүзгө өзгөчө көңүл бөлүү максатында облуста экологиялык полиция түзүлсө кандай болор эле?

 -Бул кызматты ачуу маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп, ишке ашпай келет. Демек, анын дагы себеби болуш керек. Туура, биз айлана-чөйрөбүздүн тазалыгына өзгөчө көңүл бөлүшүбүз зарыл. Кыргыз илгертен жаратылышка сый мамиле жасап, көчкөн журтун дагы жыйнап кеткен. Кийин туура эмес нукка түшүп кеттик. Өлкөбүздүн Президенти эки жылды катары менен маданиятка байланыштырды. Бул дагы бекеринен эмес. Башканы кой, баскан-турган жерибизди таза кармоого жетише элекпиз. Биз үлгү кылып суктанган айрым дүйнө элдери деле бир күндө маданияттуу болуп кетпесе керек. Муну сиз айткандай катуу тартип менен кайрып келсек да болот. Кандай болгон күндө дагы, элдин ички маданияты өзү өсүп, жетилиши зарыл.

Маектешкен:  Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here