Кыргыз театрынын тарыхында өз таланты менен өлбөс-өчпөс из калтырып кеткен залкарлар арбын. Алардын ар биринин өзүнчө басып өткөн чыгармачылык тагдыры бар. Алардын бири СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Бакен КЫДЫКЕЕВА жөнүндө сөз кылабыз.

Кыргыз көркөм өнөрүнө зор эмгек сиңирген Төкөлдөштүн төрт кызы, СССРдин эл артисттери Бакен Кыдыкеева, Сайра Кийизбаева, Даркүл Күйүкова жана Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева болгондугу айтпасак да белгилүү. Төртөө төрт кырдуу кайталангыс таланттуу чыгып, алардын театрда, кинодо жараткан образдары кыргыз маданиятынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Мына ушул кайталангыс өнөр ээлеринин бири Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Аламүдүн районунда жарык дүйнөгө келип, чыгармачылыгын 1936-жылы он үч жашында эле баштап, жалпы улуттук масштабдагы улуу актрисага айланды. Мындай дөөлөткө арзыган өнөр ээлери кыргыз элинде өтө сейрек.

Бакен Кыдыкееванын ушул өзгөчөлүгү, эпикалык айкөлдүгү, даанышмандыгы дароо көзгө уруна турган бирден-бир касиети. Улуу актрисанын европалык репертуардан тартып, орус драматургиясы, кыргыз пьесаларында жараткан ар кыл образдарын бириктирип турган ички жалпылык да, алардын рухий дүйнөлөрүнүн айклөдүгү болуп саналат. Театр адистеринин, калемгерлердин мүнөздөмөсү менен «эл кызы» атка конгон улуу актриса кыргыз театры үчүн кайталангыс, уникалдуу көрүнүш жасаган. Замандаштары: «Учурунда сахнада, кинотасмаларда мыкты ролдорду жараткан Кыдыкеева театрга келгенде чымындын учканы да угулуп турчу. Театрдагы ызы-чуу, башаламандыкты жактырчу эмес.

«Театрга — маданияттын храмындай мамиле жасачу»- деп эскеришет.

Бакен Кыдыкеева сахналык жашоосунда да, жеке турмушунда да бул ыйык сезимге аяр мамиле кылган, алпештеп баккан. Тагдырдын кандай гана соккулары болбосун кабагым-кашым дебестен, солк этпей көтөрө билген, эрки күчтүү аялзаты эле. Улуу актрисаны азыркы кыргыз эли үчүн жаңы улуттук маданияттын символу десем аша чаппастырмын. Кыргыз элинин байыртадан келе жаткан рухий салттарынын өрнөгүндө тарбия алган, секелек кыз кезинен эле эл ичинен чыккан өнөрпоздор менен биргеликте улуттук улуу таланттардын кереметтүү искусствосун ээлеген. Бакен Кыдыкеева жараткан образдар кылымдарга чейин ташка тамга баскандай болуп сакталып турат.

Таланты ташкындап сыртынан телегейи тегиз көрөнгөсү менен, Кыдыкееванын сахна артындагы жашоосу оор эле болгон. Аны театрдан эки жолу чыгарышкан. Театрдын таланты менен жолубузду тосот дешкенби, айтор, актриса 1960-жылдары театрдан чыгарылып, кайра ошол кездеги министрдин буйругу менен театрга кабыл алынган. Бирок, театрдан кеткен кезинде бош жүрбөстөн көп сандаган кинолордо кереметтүү ролдорду жаратууга жетишкен. Албетте, бул улуу, нукура таланттын касиети, энчиси. Мисалга ала турган болсок: Лауренсия (Лопс де Вега. «Койлуу булак»), Лариса (А. Островский, «Сепсиз кыз»), Катерина (А. Островский «Добул»), Айганыш (К. Жант?шев «Курманбек»), Анна (Л. Толстой «Анна Каренина»), Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»), Гонерилья (У. Шекспир, «Король лир»), Любовь Яровая (Н. Тренев «Любовь Яровая»), Мария Александровна (Н. Попов, «үй-бүлөө»), Эркеайым (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат»), Каныкей (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей») сыяктуу образдары, Салтанат («Салтанат»), Бурма («Токтогул»), Райхан («Ашууда»), Азиз эне («Тайгак кеч??»), Толгонай («Саманчынын жолу»), Жайдар («Жоргонун жүрүшү») өңдөнгөн кинолордогу кыргыз тарыхында түбөлүккө калды.

Бакендин көзү өткөндөн кийин да анын атын чыгарбоого аракет кылгандар болгон. Улуу актрисанын ысымын театрга ыйгарттыргысы келбегендердин айынан көп убакыт аты берилбей жүрдү. Бакен Кыдыкееванын көз жумганына он жыл болгондон кийин гана жаштар театрына анын ысымы ыйгарылып отурат.

Таланты өзгөчө, тагдыры татаал Бакендин өлүмү да трагедиялуу болду. 19 жыл мурда 30-декабрда Бакенди көчөдөн машине коюп кетип, документи жок таанылбай өлүкканада 15 күн жатып калган. Ошончо күнү аны эч ким издеген эмес, акыры белгисиз адам катары көмүлө турганда гана аны медсестра таанып, бул окуя коомчулукка белгилүү болгон.

Учурунда эже менен чогуу иштешип келген замандаштары актриса тууралуу: «Өз убагында Б.Кыдыкеева жаңы келген көпчүлүк кино, театр каармандарын тарбиялап, такшалуусуна көмөктөшкөн. Ал  өзгөчө  Ж.Сейдакматова, Т.Турсунбаева, М.Далбаеванын талантынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.» — деп айткандары бар. Демек, Бакен Кыдыкеева жөн гана актриса эмес, искусство тарбиячысы экенин жогорудагы эскерүүлөрдөн билсек болот. Кыргыз айымдарынын чыныгы жүзүн берген улуу талантты көрө албас, ичи тардыктын айынан улам кийинки муунга жеткирип туруу да толук түрдө жүзөгө ашпай келе жатканы ажеп эмес. Ал эми жараткан мыкты образдары менен улуу муундардын эсинде калып, көз алдына аткарган тасмаларындагы мыкты делген образдары элестелип, жалпы журттун жүрөгүндө  жашай берет.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here