«Текебаев өмүр бою оппозицияда жүрүп өтөт…»

Кыргыздын генийи Салижан Жигитовдун учкул сөздөрү интеллигенциянын арасында көп айтыла калып жүрөт. Жигитов өзү өмүрүнүн аягына чейин, илим менен алпурушуп, эмгегин да, өмүрүн да кыргызга арнаган өз элинин уулу эле. Агайдын өмүрлүк жары Кимия апанын айтымында, бу киши той-топурду, конокко барганды жактырчу эмес экен. «Той-топурга кеткен ошончо убактымды ишиме арнасам, кыргызга дагы бир чоң эмгек калтырып кетпейт белем» — деп айтып калуучу дешет. Жумушта кечке иштеп, үйүнө барып да, иш столунда отурчу экен. Шаан-шөкөттү, бирине-бири атаандашып той өткөрүп, ысырапкорчулукту жактырган элибиз туурасында: «Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап»- деп таамай айткан.

Табиятынан акылдуу, зирек, көрөгөч,  окумуштуу инсан болгон Салижан агай саясатта жүргөн кадимки Өмүрбек Текебаев туурасында: «Бул өмүр бою оппозицияда жүрүп өтөт» деп айтканы бар эле. Анысы кандай, ошондон ушу кезге чейин качан, кайсы бийлик болбосун, оппозициянын башында Текебаевдин кулагы көрүнгөндөн-көрүнгөн.

«Биздин интеллгенциянын көзү желкесинде..”

Саясат демекчи, бу саясат деген неме канча адамдын башын жуттуу да, канчасын ойго салды. Анан да, Жигитовдой ойчулдар кыргыздын жашоосуна күйүп, бийликтин ач-көздүгүнө тойуп, акыры: «Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт»- деп бир кесе айтып, бир:  «Биздин интеллгенциянын көзү желкесинде болуп атпайбы, көз деген маңдайда болуш керек» — деп кошоматчыларды жектеп алган экен кайран киши.

Кыргыздар кайсы бир саясатчы туурасында алгач, мурда ким эле, элге кандай жакшылык кылды  деп анализ жасабай эле ээрден кимиси шыпырылып, ыйлактаса эле анын таламын талашып бир ууч айдакчыларга кошулуп алып, кыйкыра бермейибиз бар. Анан да, ал «азамат»  бийликке кумга суу куйгандай сиңип, куйругун түйүп кеткенде, тилин тиштеп «атаңды…» деп кайрадан какшап кала берет. Мындай адатыбыз Шаршенчесинен эле кайталана берет, же андан сабак да албайбыз. Салижан агай да буга : «Биздин чоңдордун баары байлык, бийлик дейт, бийликтен түшкөндө «суудан» кургак чыгышат»- деп аныктама берген.

70 миңин өз чөнтөгүнө салат экен…”

Акыркы убакта, кайсы жерде болбосун, көчөдөбү, митингдеби, теледеби, компьютердин артында интернет чукулуп отургандабы, айтор, дегеле бийликти сөгүп, акыл үйрөтүп, аны менен өзүн жакшы көрсөткөн, эл бузар сөзүнөн башка пайдасы жок  «патриоттор» көбөйдү. ушундай куру кыйкырыктарды жактыра бербеген Салижан агай: «Кыргыз патриоттору кыргыз тили деп бакыргандан башка кымындай иш кылалек. Мына, «Кыргыз тил» коомунун кыргызга же кыргыз тилине пайдасы бар дейсиңерби? Чогулуштарын көрүп, Тойбаев менен Бобуловдун талашын окуп атабыз го.

Талашы ушу: кыргыз тилин өстүрөбүз деген шылтоо менен өкмөттөн, акимдерден, аяк-буяктан жулуп келген акчанын 15 процентин жулуп келген киши алсын деп Тойбаев айтат экен, Бобулов нысаптуулук кылып жок, 7 эле процентин дейт экен. Мисалы, Бобулов президенттен 1 миллион сом апкелсе, ошонун 70 000ин өз чөнтөгүнө салат имиш. Ошентип жок жерден пайда таап турса кыргыз эмес, кыргызча бир ооз билбеген дунганды коюп койсо деле бакыра бербейби: «кыргыз тили эле кыргыз тили» деп», -деген.

***

Кыргыз тили кедей, кыргыз эли начар эле калк экенбиз деп айткан замандаштардын билдирүүлөрүн интернет барактарынан акыркы кезде көп окуп калдык. Ушундай уулдарды тсрбиялаган кыргыз эли — кантип начар болсун да, ушундай куюлуштура, таамай  айтылган кыргыз тили — кантип кедей болсун? Бир гана нерсе ар бир улуттун жетишкендиги менен калпыстыгы да болот. Андай мүнөз кыргызды да айланып өткөн эмес. «Кыргыздын түбүнө кайдыгерлиги жетет» дегендей  кайдыгердигибиз, «Кыргызга орусча айтсаң гана ишенет» дегендей оомолугубуз бар экени анык.

“Бакиев кетсе, дагы бир “акылманы” келет экен..”

Өмүрүнүн акырында, «рак» деген аты өчкүр оору менен кармашып, ооруканада жатып калды. Ошондо, Ш. Дүйшеев баштаган агалар, абалын сураганы барганда, Салижан Жигитов ажал тооруган дартка да моюн бербей, эч сыр алдыбай:  «Замандын ырайын көрүп атабыз. Акаеви кетсе Бакиеви келет экен. Бакиеви кетсе дагы бир «акылманы» келет.

Баарын көрдүк. Кысталак, анан калса бу дүйнөдөн мен көрбөгөн эчтеке деле калбаптыр.

Анын үстүнө тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп-желеп болуп… уйку деген качты. Ошол жакты эле эңсеп калдым, тезирээк көрсөм деп… Бирок, тамаксоо жан курусун, силерге окшоп көргөнү келгендердин тамак-ашын кыйып кеталбай, ушинтип олтурам… Болбосо, эмне, спокойно кете бермекмин. А эгер, а дүйнө болуп калса андан бетер жакшы…» — деп баарын күлдүргөн экен.

“Дунгандай мээенеткеч, чечендей намыскөй, татардай акылдуу бологондо гана..”

Көрсө, кырылышып, бирине-бири акыл үйрөткөндө эмес, «Дуңгандай мээнеткеч, еврейдей куу, татардай акылдуу, чечендей намыскөй болгондо гана кыргыз башка элдер менен теңтайлаша алат» экен.

С.Жигитовдун жогорудагы учкул сөздөрүн жадыбалдай ар бирибиз жатка билсек, жок дегенде өзүбүздүн ким экенибизди, улут катары оң менен терсибизди так билип, ошого жараша сабак алып калаар элек деген ой…

Жазган Нурайым Рысмамбетова

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here