17 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы боюнча кылмыш ишин иликтөө соңуна чыкканы Россиянын Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.

Тергөө 7 ай жүрүп, кылмыш ишинин көлөмү 27 томдон ашкан. Тийиштүү деңгээлде чогултулган далилдер ишти сотко жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Маалыматка ылайык, “Печатный экспресс” басмаканасынын директору Сергей Москвин менен башкы инженер Антон Яцковго карата козголгон иш аягына чыгып, Кылмыш жаза кодексинин 219-беренесинин 3-бөлүгү (Өрт коопсуздугу боюнча эреже-талаптарды бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

“Тергөө 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарынын Алтуфьев шоссесинин боюнда жайгашкан кампа жана өнөр жай имараттарында 4-кабатка жайылып кеткен өрт чыккан. Жалынды өчүрүүдө 16 адамдын сөөгү табылган, дагы бир киши ооруканадан каза болгон”, — деп айтылат маалыматта. Иликтөө иштеринен улам 30дан ашуун соттук экспертиза дайындалган.

“Натыйжада өрткө жарык берүүчү жабдуунун иштебей калышы сыяктуу техногендик фактор таасир эткени, ал эми анын жайылышына имарат ичиндеги ири көлөмдөгү уулуу нерселер, буюмдар себеп болгон. Мындан тышкары, өзүм билемдик менен имарат конструкциясынын өзгөртүлүшү адамдардын сыртка чыгуусуна тоскоол болгон”, — деп айтылат билдирүүдө.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here