2017-жылдын 25 — мартында,  дүйнөлүк спорттун эң белгилүүк түрү болгон ат чабыштын  20чы дүйнөлүк Кубогу Дубайда өттү.

Алгачкы ат чабыш Бириккен Араб Эмиратында 1981-жылы октябрда өткөн. Ал эми Дубай кубогу дүйнөдө биринчи жолу 1996-жылы болгон.  Азыр аталган Кубок байге фонду  30 миллион долларды чапчыган дүйнөлүк ири мелдештерге айланган. 2010-жылдан бери Дубай Кубогунун тарыхынын дагы бир жаңы барагы ачылды. Анткени, Дубайда көздүн жоосун алган Мейдан-Сити атмайдан комплекси салынып, ишке кирген. Ага жалпысынан  60 миң адам батат. Дубай ат чабыш Кубогуна келгендер, 285 люкс номерлүү беш жылдыздуу Мейдан отелинде жайгашышат.

25-мартта  9 байге фонду коюлган ат чабыш мелдеши өттү. Баары тең кыска аралыкка. Биринчиси,Dubai Sheema Classic (Спонсору – Longines, байге фонд – 6 миллион доллар) Dubai Duty Free (6 миллион доллар байге фонду) жана эң башкы ат чабыш — Dubai World Cup (спонсору – Эмирэйтс авиакомпаниясы, 10 миллион доллар байге фонду). Бул тууралуу төмөндө кенен айтабыз.

Дубай Кубогу ат чабыш дүйнөсүндө аз убакытта эле өз ордун таап, дүйнөлүк   Royal Ascot (Аскот, Англия) и Grosser Preis von Baden (Баден-Баден, Германия) Кубоктору менен бир тепкичке чыкты. Бул жаатта Dubai World Cup ставкасы 100 миллион долларга чейин жетүүчү   эң кымбат  иш-чара болуп эсептелинет. Кубоктун жүрүшүндө  көңүл ачуучу ар кандай кечелер менен коштолот.

https://www.youtube.com/watch?v=hb80I-3njXc

Дубай Кубогуна дүйнөнүн ар кай бурчунан ат таптаган саяпкерлер менен кошо ак сөөктөр, шоу, маданият, спорт, бизнес  чөйрөсүнүн мен-мен деген каймактары көргөнү келет.

Тарыхы

 Дубайда ат чабыш алгач ирет 1966-жылы шейх Мухаммед ибн Рашид Аль Мактумдун демилгеси менен уюштурулуп, ошондон ушу кезге чейин жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп  келүүдө. Шейх  Дубайды дүйнөлүк ат чабыштын борбору кылып, ушу кезге чейин ишеним акталуу үчүн болгон аракетин жумшап келет.

Ушу тапта эмир белгилүү Darley жана  Godolphin ат сарайларын кармап, дүйнөдөгү эң таасирдүү саяпкерлеринин катарын толуктап келет. Андан тышкары, ал акыркы технологиялар менен бир нече типтеги чуркаган жолчолору (дорожка) бар Мейдан ипподромун курду. 60 миң кишилик ипподромдо, беш жылдыздуу отель, клуб, ресторан, музей жана галерея жайгашкан.  Ат чабышты трибунадан тышкары, отельде  номерлердин ичинен көрсө да болот.

Миллиондорду уткан аргымактар

Жогорудай айткандай бул жолку дүйнөлүк ат чабышта жалпысынан 9 жолу ат чабыш болду. Аралыгы кыска. Ал боюнча төмөндө толугураак маалымат берели.

Биринчи ат чабышка — 13 күлүк 1600 метрге күч сынашты. Жалпы байге 1 млн. долларды түзгөн.  “Секонд суммер” аттуу күлүк алдыга оозуп чыгып, америкалык ээсине 600 миң доллар тартуулады. Бул күлүк баары болуп 16 ирет ат чабышка катышып, 8 ирет байгеге илинген.

Кийинки келген күлүктөргө 200 миң, 100 миң, 50 миң, 30 миң жана 20 миң доллар байге берилди.

Экинчи ат чабышка – да жалпысынан 1 млн. доллар байге коюлуп, 2000 метрге 13 күлүк күч сынашты. Байгелери биринчи ат чабыштыкына опокшош. Башкы байгени “Ред” аттуу күлүк алды. Бул күлүк жалпысынан 15 жолу ат чабышка катышып, 9 ирет байгеге илинген.

Үчүнчү ат чабышка – да байге 1 млн. доллар сайылып, 3200 метрге 14 күлүк жарышты. Байгелери биринчи, экинчи ат чабыштардыкынан айырмасы жок. Башкы байге “Вазиравад” аттуу аргымакка берилди. Германиянын күлүгү.  Ал  өз тарыхында 14 жолу ат чабышка катышып,  12 ирет байге алган.

Төртүнчү ат чабышка – 2 млн. доллар байге коюлуп,  1900 метрге 16 күлүк күч сынашып, биринчи болуп “Зундер снов” аттуу күлүк чыгып, ал 1 млн. 200 долларды “илип” кетти. Бул  Годольфин Майл аттуу атактуу саяпкер миллиардердики. Бул күлүк баары болуп ушуга чейин  7 ирет чабылып, анын бешөөндө байгеге татыган.

Андан кийинки күлүктөр 400 миң, 200 миң, 100 миң, 60 миң, 40 миң доллар алышты.

 Бешинчи ат чабышка – 12 күлүк катышып, алар 1200 метрге чуркашты. Байгеси жалпысынан 1 млн. доллар. Биринчи келген “Рич ман” аттуу күлүккө  600 миң доллар ыйгарылды. Ал 16 жолу чабылып, анын он үч жолкусунда тең оңой эмес байгелерди алган. Калган күлүктөргө: 200 миң, 100 миң, 50 миң, 30 миң,  20 миң доллар берилди.

 Алтынчы ат чабышта – күч сынашкан күлүктөрдүн саны 14. Чуркаган аралыгы 1200 метр. Коюлган жалпы байгеси 2 млн. доллар. Жеңүүчү күлүк – “Минюар Вискутс деп аталат. Американыкы.  Анын байгеси. 1 млн. 200 миң доллар. Ал өз тарыхында 14 жолу чабылып, жалпысынан (биринчи. Экинчи, үчүнчү орундарды кошкондо) 12 жолу байгеге ээ болгон атактуу күлүк.

 

Андан кийинки байгеге  кайрадан жогоруда айтылган атактуу саяпкер Годольфиндин “Комикас” аттуу күлүгү келип  400 миң доллар байге алды. Бул ат 9 ирет чабылып, анын 6сында тең байге алган. Кийинки орунду камсыздаган күлүктөр 200 миң, 100 миң, 50 миң, 40 миң долларга ээ болушту.

 Жетинчи ат чабыш – буга да 14 күлүк катышып, 1800 метрге күч сынашты. Жалпы байгеси 6 млн. доллар.  Маарага биринчи болуп Япониянын “Вилос” аттуу күлүк келип, ага 3 млн. 600 миң доллар. Ал 8 ирет чабылып, 5 жолу байгеге илинген. Экинчи келген “Хесем”  аттуу күлүккө  1 млн. 200 миң доллар. Ал жалпысынан 7 ирет чабылып, анын бирөөндө гана байгеге илинбей калыптыр.  Бул да АКШныкы. Ээси баягы эле Годольфин мырза. Ага 600 миң доллар байге берилди.

Сегизинчи ат чабышта —  7 гана күлүк 2410 метрге күч сынашты. Байгеси 6 млн. доллар. Бул жолу да атактуу Годольфин мырзанын “Жек Ховес” аттуу күлүгү маарага биринчи болуп келип, 1 млн. 200 миң долларга татыды. Бул күлүк жалпысынан 9 жолу чабылып, анын бирөөндө гана байгеге илинбей калган. Анын ичинен 4 ирет (ушуну менен беш) баш байгеге алган экен.  Экинчи келген күлүк “Свент хеван” аттуу күлүккө  600 миң доллар.  Ал 9 жолу чабылып, 4 жолкусунда тең байгеге илинген. Үчүнчү келген күлүк 300 миң, төртүнчү келген күлүк 180 миң,  бешичиге 120 миң доллар берилди.

Тогузунчу ат чабышка – жалпысынан 14 күлүк катышып, 200 метрге күч сынашты.  Жалпы байге биздин түшүбүзгө али кире элек 10 млн. долларды чапчыды. Биринчи болуп маарага жеткен арабдардын “ARRGATE” аттуу күлүгүнө – 6 млн. доллар баш байге ыйгарылды. Ал өз тарыхында 7 жолу чабылып, баарында тең байгелүү болгон. Бир ирет гана 3 – орунду алса, калган 6сында тең 1-орунду башка күлүктөргө берген эмес. Мына сага, ушундай ажайып, керемет күлүк экен гой. Экинчи болуп дагы эле АКШнын “Гун Руннер аттуу күлүгү келип, ага  2 млн. доллар байге берилди. Үчүнчү күлүк Канаданыкы “Аполо Кентуки” деп аталат. Ал  1 млн. доллар байге алды.  4 – болуп келген күлүккө 500 миң доллар, 5-болуп келген күлүккө 300 миң доллар. 6-болуп келген кайрадан Годольфиндин  “Мув Ап” аттуу күлүгү 200 миң доллар алды. Төмөндө 6 млн. уткан күлүктүн «учканын» бул тасмадан көрүңүздөр:

https://www.youtube.com/watch?v=mhTI8VRkjXM

Ошентип, бул жолку дүйнөлүк ат чабышта Годольфин мырзанын өзүнүн жана бир нече күлүктөрүнүн жылдыздары жанды. Ага суктанбаган  адам жок болсо керек. Себеби, бир жолку мелдеште эле бир нече миллион долларга байып жатса, ким эле тамшанбасын. Окурмандардын ээсине, жакынкы күндөрү “Чагылган” сайты  Годольфин мырза жанан анын күлүктөрү тууралуу макала даярдап, сиздерге сунуштамакчы. Бул да болсо биздин саяпкерлердин бүйүрүн кызытып, ат чабыштарыбыз деңгээлин көтөрүүгө аздыр-көптүр дем берип калаар…

 Бул жолку мелдешке Рамзан Кадыровдун 3 күлүк аты катышты

 Орусиянын  күлүк беш аты  Дубайдагы бул айтылуу ат чабышта жарышка түштү.  Бирок алар чоң ийгиликтерди жарата алышкан жок. Бирок анын күлүктөрү буга чейинки ат чабыштарга катышып, байгелүү орундарга илинип келишкен.

Былтыр апрелде инстаграм баракчасына  Рамзан Кадыров Дубай Кубогун жеңип алуу кыялы бар экендигин жазган. Ал :»Биздин аттарыбыздын жана Россиянын ат спортунун  мыкты потенциалы бар экендигине ишенем» — деп билдирген.  Айтмакчы, бул айтылуу ат чабышка Кыргызстандан да күлүк кармашкан, ат чабыштын күйөрмандары барып көрүп келишти.

https://www.youtube.com/watch?v=W-SpGo4HI6k

Биз жогоруда айтылган көп маалыматтарды  күлүк аттардын күйөрманы, күлүк дегенде ичкен ашын жерге коё калган Аман Токтомамбетовдон алдык. Кыязы, Аман мырза да, Дубайдагы дүйнөлүк ат чабыштарга бекеринен барып, көз салып жатпаса керек. Келечекте өзү да дүйнөлүк ат чабыштарга  учурда таптап жаткан аттарын кошууну көздөп жүргөндүр. Ал азырынча бул жагын сыр кылып, айтпай турат. Балким, кошуп калаар. Ким билет? Аны убакыт көрсөтөөр. Эмнеси болсо да, Аман мырзага биз да бул жаата албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Акыркы жылдары, Кыргызстанда дагы укмуштуудай күлүктөр чыгууда. Эми ошолор акырындык менен Дабйадагы дүйнөлүк ат чабшка мамлекетибиздин атынан катышса экен деген тилекти айталы.

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here