Бүгүн, 7-апрель Кыргызстанда 2010-жылы революция болгон күн. Бул карагашалуу күнүканкор Бакиев кыргыз элин 120 уулунан ажыратып, энелерди сыздатып кеткен. Андан бери 7 жыл өттү. Бирок, ошондогу элдин жакшы жашоого үмүт арткан тилеги орундалдыбы? Дегеле бул күн максатына жеттиби? Мына ушундай суроо менен коомчулуктун ар кай багытында жүргөн атуулдардан пикирин уктук…

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат:   «7-апрелди кайгыруу менен кабыл алам»

-Тилеке каршы, толук кандуу жеткен жок. Биринчиден, 7 — апрелди мен улуттук трагедия катары кабыл алам. Ошондой эле  2010- жылы ушул куну каза болгон жарандарыбыздын жакындарына терең көңүл айтам. Ошону менен бирге, биздин өлкөбүздө башка эч качан кандуу окуялар болбосо деп Жараткандан тилеп келем. Үй-бүлөлүк кланга каршы чыккан ошондогу радикалдуу оппозиция, партиялык кландарды түзүштү. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү,  Ата-Бейитте берген антын унутушуп, көрпендечиликке алдырып, бийлик талашууда ынтымактары кетишип, аягында бири-бирин чукушуп элге эң негизги нерсени,  «үмүт» менен «ишеничти» бере алышпады. Анысы аз келгенсип саясатта эңкоркунучтуу жагдай деп эсептелген, «өч алуу айлампасына» алып келип коюшту. Мындай жагдайдан улуу державалар  Россия Федерациясы, АКШ да коркушкан, о.э. кандай саясый кырдаал болбосун мындайга жол беришкен эмес. Мамлекеттүүлүктүсактап калуунун бирден бир жолу, мыйзам ченеминде, таза шайлоо аркылуу бийликке келүү, саясатчылар бири- бирин кечирүү менен, «өч алуу айлампасынан» тез ара ичинде чыгуу жана бийлик адилет, акыйкат бийлигин жүргүзүшү зарыл. Ошондуктан, мен 7- апрелди  кайгыруу менен кабыл алам. Элим эсен болсо экен деп Кудайдан күнүгө тилейм.

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Антип айтуунун өзү туура эмес…»

-Бүгүн 7- апрель революциясынын талаптары толук аткарылды деп айтуу өтө күмөндүү. Антип айтуунун өзү туура эмес кабылданып жаткан учур. Себеби, өлкөнү кайрадан кара булут каптап, парламент, саясатчылар, оозун коргошунга күйгүзүп алгандай үн ката албай, эл  бул бийлик эмненин үстүнөн чыгаар экен деп жаткан чагы.

Манас Саматов, фермер: «Коррупция куч алды»

— 7- апрелде эл күткөн максатына жеткен жок. Анткени, бийликти басып алгандардын максаты элдикинен башка экен.  Эч кандай реформалар жасалган жок. Эски саясый система ошол бойдон сакталып калды. Коррупция ого бетер куч алды.

Улан Турдалиев, окутуучу: «Сырткы карыз бир топ өстү»

— Жеткен жок. 2010-жылы 7-апрелде эл алдында берген убадалар аткарылбай калды. Күнөөлүү деп кармалган адамдарды да бошотуп жиберишти. Ошол мезгилде бийликте отургандар учурда да бийликтин бутагында отурушат. Элдин үмүт-тилеги аткарылган жок. Электр баасы кымбаттап, сырткы карызыбыз бир топ өсүп кетти.

Гулзада Шаршеналиева, журналист: «Бийлик 7-апрелдин баркын кетирүүдө»

-7-апрелдин максаты эмне эле? Алгач, биз ушуну тактап алышыбыз керек. Буга бир да серепчи аналитика жасабай жатат. Эгер, анын максаты Бакиевдерди кубалаш керек болсо, анда жетти. Өкүнүчтүүсү, 7-апрелде балдардын каза болуп калганы. Аларга куран окутуудан башка айлабыз жок. Эгер , анын максаты жакшы жашоого жетүү болсо, анда жеткен жок. Бийликтин акыркы кездеги жасаган кадамдары 7-апрелдин баркын кетирүүдө. Учурда жаштар өз жашоосун жакшы жакка бурууга болгон аракетин жасоодо. Менин жүрөгүмдө ооруткан дагы бир маселе, «Апрель баатырлары» деген макамдын баркынын кетиши.

Аны чаржайыт тапшыра беришкен жана аны алган кээ бирлери айылдарда төшүн каккылап, көп нерсени талап кылып, көтөрүп чаап жүргөн болсо, ал макамды  эл алдында өрттөгөнү да болду. Жакында эле аталган төш белги канча адамга берилгендигин тактайын десем, так саны жок экен.

 Азамат Баяманов, жаш саясатчы:

— 7 — апрель максатына толугу менен жетти дегенге кошулбайм, эч кандай өзгөрүүлөр деле көп байкалбайт десем жаңылышпайм, ошол учурдагыдай эле жумушсуздук, экономикабыздын абалы, билим берүү системасы, сөз эркиндигине болгон кысым кайсы деңгээлде болуп жатканын көрүп жатабыз, 7- апрелден кийин жаштар келиши керек эле, жаштарга мүмкүнчүлүктөр берилиши керек эле, тилекке каршы андай болгон жок. Тескерисинче жаштарыбыз чет жерлерде дүйнөнүн булуң- бурчунда ар тараптуу иш менен алек болуп жүрүшөт.

Суроо салган Нурайым Рысмамбетова

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here