7-апрель ыңкылабына карата, ошол учурдагы УӨ мүчөсү, Бакиев бийлигин кулатууга опол-тоодой эмгегин, күчүн жумшаган Темир Сариев, бүгүн Ала-Тоо аянтына барып куран түшүрүп, курман болгон баатырлардын урматына тургузулган мемориалдык эстеликке гүл чамбар коюп эскерип келди.

Темир Сариев:

Бүгүн “Ала-Тоо” аянтында тургузулган 2010-жылдын 7-апрелинде жана 2002-жылы Аксы окуяларында акыйкаттык үчүн күнөөсүз шейитболгондордун эстелик монументине барып гүл коюп, куран түшүрүп эскердик. Мына быйыл каргашалуу 7-апрель окуясынын жети жылдыгын белгилеп жатабыз. Канча убакыт өтсө дагы акыйкаттык, чындык, адилеттүүлүк жана теңдик деп өз жанын бергендерди унутта калтырбашыбыз керек. Убактылуу өкмөткө мүчө болгон күндөн тартып, ушул күнгө чейин эскерүү митингине катышып келем. Азаттык үчүн мерт кеткен маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун, алардын жакын туугандарына дагы бир жолу кайрат кылууга чакырам. Биз ошолор эңсеп-көксөп кеткен максаттарын мына биз улантышыбыз керек, — деп билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here