Бүгүн “Ата Бейит”  комплексине эскерүүгө келген элди бийлик кенен-чонон киргизбей, такуп-тукуп тизме менен араң киргизгендиги маалым болду. Мындай “шоу” кандай себептер менен жасалгандыгы түшүндүрүлө элек. Балким коопсуздук маселесине байланыштуу го. Андай болгон учурда деле бул ашыкча көрүнүш да. Буга чейин качан эле ушундай болчу эле? “Ата Бейитте” комплекстин ичине кире албай 100догон адамдар томсоруп, баатырларга куран окута албай ызырынып кала берсе, ошондой эле көрүнүш борбордук Ала-Тоо аянтында да орун алып турат. Аянтка эл агылып келчү көчөлөр эчак эле жабылган, ал жерлерде “тирүү” тосмо болуп 100дөгөн жоокерлер, миңдеген милициялар турушат.

Барган элдин бир тобу аянтка кире албай сөгүнүп алып, кайра кетип жатышат. Эмне десе, чакыруу менен киресиңер деп жатышыптыр. Эскерүүгө кайдагы чакыруу? Эсиңерден кеттиңерби? Же, 2010-жылы эл аянтка чакыруу менен келди беле? Эл өзү агылып келип, акмак бийликти аңтарып түшкөн, анын жыйынтыгы менен азыркы бийлик орногон. Ошонун баарын унуттубу, бу Кудай ургандар.

Деги эле, бийлик 7-апрелдин 7 жылдыгын мынча эмне оюн-зоок, шаңдуу майрамга айлантып жатат?  Жакындарын жоготкондор береги сүрөттөгүдөй шолоктоп ыйлап, сыздап жатышса…Түнкүсүн салют аттырат дейт. Эмне деп? 7 жылда жер -жүзүн дүңгүрөткөн укмуш күчтүү -супер өлкө болдук деппи?  Же, бүгүнкү эскерүү күнүндөгү аракеттер Президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетирине аз калгандыгына байланыштуубу? Ажонун жанынадагы жойпулар ушундай жолдор менен ажону ого бетер элге жек көрүнтүп жаткан жокпу? Атамбаев андайга жол бербеш керек эле, неге дегенде өзүнүн деле акылы бар да.  “Зордоп ачкан гүлдүн жыты жок” дегендей мынчалык мамлекеттик машинени күч менен колдонуп, 7-апрелди азарынча элге шаңдуу майрам катары таңулай албайсыңар. Эсиң барда, этегиңерди жапкыла дегенди унуттуңарбы? Мындай кадамыңар менен бир гармм да аброй топтой албайсыңар…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here