Кыргызда «Жакшы деген Жылтырдын кызы желенин башына…» деген накыл бар. Бүгүн дал ушул мүнөздөмө Аида Саляновага төп келип турат. Эптеп эле өзүнө коомдун көңүл бурдуруш үчүн, «обон» катындардай болуп митинг чыккан жерге жетип барып айгай салат. Жогорку Кеңештин трибунасынан элдин көйгөйүн эмес, ар качандан, бир качан өзүнүн жеке керт башына байланышкан маселелерди көтөрөт. Мына Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңешке келди эле: «Мен башкы прокурор болуп турганда 2014-жылы 18-сентябрда резиденцияны кайтарган Улуттук Гвардиянын жоокерине кол салуу болгон. Улуттук Гвардиянын жоокери жаракат алып, ооруканада эсине келген. Резиденцияда ким кол сала алат? Эмне үчүн бул иш боюнча эч кандай реакция болгон эмес”, — деп суроо салды.

Муну айтып жатканын себебин, жоокерден ошол кезде башкы прокурор болуп турган Аида Салянованын кайда жашаарын, кайсы жол менен жүрөөрүн сурашып, айтпай койгондон улам сабашкан деп түшүндүрдү. Башкы прокурор Жолдубаева бул факт боюнча эч кандай маалыматы жок экенин, ошол кезде башкы прокурор болуп тургандыктан Салянова өзү деле кылмыш ишин козгосо болмок экенин айтып оозун жап кылды. Чын эле, эмнеге ошондо өзү башкы прокурор болуп турганда бул ишке кызыккан эмес. Эми бул ишти жеке мүдөөсүнө пайдалангысы келип «майдаланып» жатканы өкүндүрбөй койбойт…

Булак: Фабула

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here