Бүгүн туура 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына жети жыл толду. 7 жыл мурун мамлекет кандай эле, азыр кандай? Бул суроого ар бирибиз ыйманыбызга камчы чаппай, жүрөккө кол коюп, саресеп салып көрбөйлүбү. Ооба, 7 жыл мурункуга караганда Кыргызстан кыйла өзгөрдү. Эң башкысы, авторитардык бийликтен кутулуп, демократиялык система орноп, сөз эркиндигине жеттик. Бул чоң утуш, чоң жеңиш!  Мени эң эле кубандырганы — электр энергия системасында Өзбекстанга көз каранды болбой, өз алдыбызча эркиндикке жетишкенибиз, так айтканда Датка-Кемин көмөк чордонунун курлуганы болду. Ал үчүн баягы эле Кытайга оңбогондой карыз болдук, болбой жүрдүк беле,  акырындык менен кутуларбыз да. 7 жылдан берки жемиштерди сана десеңер, мен ушуну баса белгилеп санайт элем.

Бирок жалпысынан алганда экономикабыз өскөн жок, социалдык көйгөйлөр мурункудай эле көбөйүп, азайбады. Тышкы карызыбыз өсүүнүн гана үстүндө. Кийинки муундардын мойнуна илип эле жатабыз, илип эле жатабыз. Чынында ошол тышкы карыздардын көбү мурда-кийин максатсыз пайдаланып, сол чөнтөктөргө солонуп кеткени ырас. Муну чындык үчүн айтып коюшубуз керек. Мамлекетте башкаруу системасында реформа болмок тургай, реформанын карааны да көрүнбөдү. Партиялык система, парламенттеги көпчүлүк коалиция деген –кадр маселесин такыр эле өлтүрдү. Азыр бийликтин бийик секисинде, көпчүлүк “майлуу” кызматтарда кемчонтой, ашкебектер олтурушат. Алардын көбү Акаевдин, Бакиевдин куйруктары, ошол экөөнүн колун суу куюшуп, кошматына ко эмес, төө союп келгендер. Дагы эле май-талкан кызматтарды баса жыгылып, уурдап-тоноп жыргап жатышат. Кыйратып иштебеген соң, жеке кызыкчылыктардан арыла албагандан кийин, эл үчүн алардын баарынан жогу артык болчу.

 

Ал эми эң жаман жери,  апрель революциясына  көө сүйкөгөн көрүнүштөрдүн бири – бул коррупция маселеси. Коррупция азайган жок деп кескин түрдө ар бир адам айта алат. Анткени, ар бир тармакты, айланаңды карап көр. Баардык иш акчага байланган, “ эптеп эле алайын, чөнтөккө салайын” –деп  турушат. Деги эле, мамлекеттин казынасына кол салган кызматкерлер андан көп. “Чабак” кызматкерлер менен кошо “кит”  чиновниктери деле кармалды буга чейин. Бирок сотко келгенде татыктуу жаза алышпай, ар кандай айла-амалдар менен кутулуп кетип жатышпайбы. Сотту укмуш реформа кылып салдык дешти, балекеттинби, баары болбосо да, көп иш ошол сотко барганда сасып, быкшып, чирип жатып калып жатат го. Ушулбу, реформа?! Бийлик тарабынан буга чейин жасалып кеткен кандай гана жагымсыз окуялар болду. Ага ким жооп берди да, кимдер жазасын алышты? Керек болсо айрым учурларда,  Акаевдин, Бакиевдин бийликтеринин тушунда жасалбаган жерге гана балчайта түкүртө турган, оозуңду Ошко карата турган окуялар орун алды. Буга Батукаевдин бийлик тарабынан жылуу-жумшак өз мекенине узатылышы сыяктуу чоң-чоң иштерди мисалга тартсак болот. Кумтөр маселеси дагы да болсо чечилбей, чечекейди чеч кылып келатат. Ал да ушул темп менен кете берсе, өзүнчө бир чоң “бомба” болуп жарылат го. Айтор, өлкөдөгү ушул сыяктуу толгон-токой көкүрөктү көзөгөн көйгөйлөрдү айта берсе болот. Ага далил да бар. Аны эч ким дагы жокко чыгара албайт. Бийлик канча мактанбасын, анын канчасы чын, канчасы калп эл эң сонун билет. Бул жагынан талаш-тартыш жок.

Бул биздин мамлекетибиздеги негизги көрүнүштү жалпысынан кыскача гана айткандагы кербез. Дагы тереңдетип айтсак да болот.

Мен да Бакиевдердин үй-бүлөлүк бийлигине түздөн-түз каршы чыгып, ошол кездеги бийликтин ар кандай коркутуу-үркүтүүлөрүнөн  тайсалдабай, коркуп калбай, кайра күчөп  эл үчүн, мамлекет үчүн башты канжыгага байланган журналисттердин катарындамын. Журналист катары Бакиевдин бийлигине арстан айбат көрсөткөн БЭКтин (Бириккен элдик кыймыл) жүгүн көтөргөнбүз.  7-апрель окуясына активдүү катышып, өз салымыбызды кошконбуз. Кандай салым экенин мактангансып, айтпай эле коён. Бул тууралуу да айта турчу өзүнчө кептер бар.

Азыр  ошол кездеги БЭКтеги атуу-баштуулардын көпчүлүгү бийликте болуп, элди бийлеп жатышат. А, бирок бийликтеги ошол “бекчилердин” бир тобу өткөнүн унутуп коюшту, элге ак кызмат кылабыз деген убадаларын жеп салышты. Ууру-кескиге, жек көрүндүгө айланышты. Көрсө, алардын максатын эптеп эле бийликке жетип, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу турбайбы, аларды энеңди гана дурайындар деп сөксө, бир нече жылдап түрмөгө кессе да аздык кылаар… Азырынча андай болбой калды го. Кудай баарыбыздын төбөбүздөн карап утурат, демек аларга бул дүйнөдө болбсо тиги дүйнөдө жаза бар! Биз журналисттер Акаевдин, Бакиевдин тушунда корруцияны, мыйзамсыз көрүнүштөрү канча көп жазсак, азыр да ошончо көп жазып жатабыз. Бул жагынан чоң өзгөрүү болсо ошончо көп жазат белек? Муну да эске алуу зарыл.

Ошол кандуу окуяда 87 жаштарыбыз окко учса (алардын арасында менин да жээним бар), 100дөгөн мекендештерибиз ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Андан бери 7 жыл аралыгында жаракаттан улам каза тапкандарды кошкондо 115тен ашты окшойт. Кыскасы,  ушул жылдары да октон улам узак ооруп каза таап жаткандарыбыздын аягы тыйыла элек. Мына, жакында эле Чүйдө Максат аттуу 40тын кырындагы мырза каза тапты. Ага ким көңүл бурду? Бийликтин өкүлүнөн ким басып барды? Жаракаттын азабынан ушинтип эле билинбей каза таап жатышат. Дагы канчасы денелерине тийген октун азабын чегип жатышат. алар тууралуу эмнеге сөз кылбайбыз. 7-апрлеге эч тиешеси жоктор көп, уюмдар да толутура, анын ичинде шылуундары андан арбын. Ошолор пайда көрүп, өздөрүнчө жыргап жатышат. Маселен, үй бөлүшүү маселесинде көп кемчиликтер бар. Ал тууралуу жазсак өтө чоң макала болот. Бул маселеде нааразы адамдардын саны арыбын.

Сөз соңунда жыйынтыктап айтканда, революция өз максатына жете элек.

Үмүттөр акта элек. Мамлекет өнүгө элек. Коррупция күчөп жатат. Кудайга шүгүр, элибиздин жашоосу акырындык менен оңолуп жатат. Бирок эл жашоосун оңдосо, өздөрү оңдоп жатат, ага бийликтин салымы болсо да аз эле. Тескерисинче, эл бийликти, мамлекетти багып жатат.

Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам мен 7-апрелде Ала-Тоо аянтында оюн-зоок уюштуруп, кандуу революцияда жакындарын жоготкон энелердин, аталардын, бир туугандардын көз жашы тыйыла электе майрамдык концерт болуп, кечки салюттун атылышына караманча каршымын! Мейли, 7-апрель кызыл күн болсун, бирок эскерүү, куран окутуу, жабыркагандарга, жакындарын жоготкондорго анча-мынча жардам көрсөтүү сыяктуу  иш-чаралары менен гана коштолушу керек эле. Анан борбордук аянтка концерт коюп, жаңы-жылдан бетер солют аттыруу азырынча эртелик кылат. Кайсы арыбызга салют аттырабыз?! Бакиев да учурунда 24-мартты кызыл күн кылып, өзүнчө бир жыргады эле. Аны жокко чыгарганбыз туура болду.

Бирок Атамбаев 7-апрелди чоң шаан-шөкөттү майрамга айлантканга шашпай турса болмок. Бул нерсе, бийликке аброй алып келбейт. Чоң майрамга, андай учурга да жетербиз. Качан? Качан гана мамлекетибиз өнүгүп, коррупциянын тамыры кырыкылып, алдым-жуттумдардан арылып, күчтүү мамлекеттердин катарына кошулуп, 7-апрель революциясы өз максатында жеткенде… Революцияны эл жасайт, анын жыргалын бир ууч адамдар көрөт дегенди биз ушу тапта эң сонун мисалдар менен көрүп жатабыз.

Бул күн мен үчүн майрам эмес. Эскерүү күнү! 7-апрелде элибиз үчүн көкүрөктөрүн ок тосуп, шейит кеткен биздин баардык баатырлар, жаткан жериңер ылайым жайлуу, топурагыңар торко болсун! Жаратканыбыз силердин жаш жаныңарды жаннатта кылсын! Арбагыңар элибизге ыраазы болсун! Бийликке ыраазы боло элексиңер, аны ар бир эле жаран боолголоп билип, сезип турат. Азыр болбосо да, силердин аруу тилек, аруу максатыңарды келечекте актап алсак экен деп…

Терең урмат сыйым менен силер менен 7 жыл мурун “Форум” имаратынын алдында, Ала-Тоо аянтында бирге чуркап, элге ок аткандарга бирге айбат көрсөткөн мекендешиңер, ушул макаланын автору Айбек Шамышкеев.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here