Жокорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жергиликтүү гезиттердин бирин сотко берүүгө кам уруп жаткандыгын соц сеттер аркылуу жар салды.

Бирок, депутат кайсы гезитти сотко берээрин атаган эмес. Ал кыргыз тилдүүбү же орус тилдүү гезитпи белгисиз? Бирок, биздин божомолубузда кыргыз тилдүү, оппозициялык маанайдагы  жергиликтүү гезиттердин бири.

«2016-жылдан бери  жогорудагы редакция чындыкка дал келбеген жалган материалдарды байма-бай басып чыгарууда. Буга чыдамым жетпей калды. Кайсы гезит экендигин убагында угасыңар»- деп кайрылган журналистке айткан.

Учурда, Бекешев жогорудагы аты аталбаган басылмага доо арыз жазып, канча акча айыпка жыгууга болорун юристтер менен кеңешүүдө. Ачыгын айтканда, ушу депутат анчалык сын көтөрө албайт.  Кайсы гезитти сотко берет, тамшымактатпай ачык айтпайбы, же ал гезит менен алдына-ала соодалашкысы келип жатабы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here