Жаңы доо арыз боюнча Башкы прокуратура журналист Нарын Айып менен Zanoza.kg маалымат сайтынан 3 миллион сом талап кылууда. Белгилей кетксек, мурунку доо арыз боюнча да Н.Айып менен аталган маалымат сайтка 3 миллион сом өлчөмүндөгү айып салынган. Жалпы доо арыздардын суммасын карап көргөндө, Zanoza.kg сайтына 15 миллион сом айып тагылган. Ал эми журналисттин үй мүлкүнө арест коюлган. Маалымат ресурсунун эсебине да арест салынган. Буга чейин, Башкы прокуратура Президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деген кине менен «Азаттыкка» да 20 миллион сомго доо арыз жазган. Бийлик мындай кадам менен канчалык аброй топтойт болду экен, байкап туралычы. Чынында бул жагы калыс болбой калды. Себеби, аталган эки маалымат каражаттары жазган ал чулгандуу маалыматты башка ЖМКлар деле жазышкан…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here