Бүгүн, эртең менен Бишкек ШИИБи, №3 оорукананын алдында окуучу балдар журналистти сабап кеткендиги тууралуу маалымат берген. Ал жаңжал видеокамерага түшүп калган.

«Спутник» агенттиги сабоо жедим деп милицияга арыз жазган КТРКнын журналистти Алымбек Адылбеков менен байланышканда, ал төмөндөгүлөрдү айтып берген: «Окуя болгон күнү келинчегим, балдызым, бажам, жездем болуп ооруканада жаткан тууганыбызды сураганы барганбыз. Барсак, күзөтчү бизди киргизбей аткан, анан эле үч аял жөн эле кирип кетти. Алардын артынан келинчегим кирейин десе, күзөтчү аны түртүп жибергенде, ачуум келип  жакалаша кеттим. Бир маалда, ары жактан бир бала келип, ажыратып атып, мени бет талаштыра коюп жиберди. Окуя болгондон кийин, мени ондой бала келип сабап кетишти. Бирөө колундагы бычак менен коркуткандан, аны кармап барып, милицияга бердик. Артынан жанагы достору эки машина болуп келишти»- деген.

Ал эми бул окуяны, ошо чырга катышкан окуучу бала: «Журналист менен күзөтчүнү менин досум ажыратканга аракет кылган, ошол учурда анын жакындары аны уруп салышкан. Анан ал дагы үч досун чакырып ызы-чуу чыккан.Алар дагы тобу менен келип бизди ура баштаганда, качып кеткенбиз. Менин башыма таш тийди. Артыбыздан кууп келишип, бир балабызды милицияга алып барып, арыз жазып коюшту»- деп билдирген.

Бул окуя боюнча, Бишкек ШИИБи иликтөө ишин баштады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here