Кырктын кырына келип калган КСДПчы ушундай бир жигит бар. Аталган партиянын арты менен элге-журтка төбөсү көрүнүп калган. Бакиевдин тушунда айыл өкмөт, анан КСДПнын Чүй облусу боюнча координатору болуп жүрүп, 2009-жылы 30 жашында Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ошентип, чоң саясатка аралашып калган. Табиятынанбы, айтор жоош, оор басырыктуу, оңой менен интригага аралашпайт. Эт менен челдин ортосунда жүргөндөй, чийкилиги баам салып байкаган кишиге оңой эле билинип турат.  2010-жылы 6-апрелде БЕКтин Атамбаев, Текебаев баштаган ана башчылары камалганда, эртеси кандуу 7-апрель окуясы башталганда Айбек мырза, алды-артын карабай качкан дешет, аны жакындан жакшы билгендер.

Ошондо, ал өзүн көтөрмөлөп келаткан  “шефи”, ошол күнү камакта жаткан Атамбаевди каратып туруп сатып кеткен болобу?  Көрсө, “мени да камайт, өзүм үйлөнө элек жаш болсом, көргөн күнүм эмне болот” деп жүрөгү түшүп калган окшобойбу. Аны көпчүлүк, камап салган экен деп ошол учурда камтама болуп жүрсө,  ал досунунбу, айтор “Көк — Жардагы” бир үйдө бир канча күн дымын чыгарбай жаткандыгын айтып жүрүшөт. Мейли, антсе эмне экен? Баардык нерсе жүрөккө байланыштуу да. Бирок, анын мындай кадамы жигиттик болбой калганын баса белгилеп айтып коюу керек.

Алтыным Айбек, сен негизи 7-апрелде кайда элең, качып кетишкен дейт, чынбы ушул?

-Мм, Урматтуу Алмазбек Шаршенович, ак чөп баш да…

Негизи 7 жыл мурун 7-апрель күнү жүрөгү жоктун баары эле качып кетишкен дыр коюшуп. Эл болсо эмгиче Азыранкуловду Бакиевдин бийлиги камап салган,  ал дагы азап тарктан деп түшүнөт. Бирок ал чындык эмес. Эң башкысы  анын жылдызы 2010-жылдан кийин катуу жанды. Революцияга (так ошол күндү айталы) тамчы салым кошпогуна карабай, аны Атамбаев алгач өзүнчө кеңешчи, анан Чүй облусуна губернатор кылып салды эле, коомчулуктун эси ооп, ага карата катуу сын айтты. Сын айткандай эле болду, себеби, 4 жылдай губернатор болуп турса да  кыйратып иштеген жок, өзүн көрсөтө албады. ЖМКдан, элден кыйраткан деле жылуу сөз уккан жок.

Эң кызыгы, ага губернатор болуп турганда апрель революциясынын баатыры төш белгисин беришкен экен, “Айбек эми мындан кийин ушундай окуяларда, курч кырдаалдарда качып кетпе” –деп тамаша-чынга аралаштырып, бетке айтышып.  Бул жагына деле мейли дейли, себеби Азыранкулов  7-апрелге чейин канткен менен Бакиевдин бийлиги менен күрөшүмүш болуп КСДПнын катарында көпчүлүк менен жүрдү да. Чынында 7-апрелге эч кандай тиешесижок адамдар андай төш белгини, үйдү, миллион акчаны алышпадыбы. Бул маселени тыкыр иликтесе өзүнчө эле ботко…Жүзү курусун ошондой жол менен жалган атак, оңой олжого туйтунгандардын…

Андан кийин да, эркелетип Эмгек жана миграция министри кылышты. Эмне  иш кылды? Жыйынтыгы баягы эле. Губернатор кезинде үйлөнүп, жайланды. Азыр кызматта болбосо да,  бизнеси жок болсо да, кыйла капчыктуу азаматтардын бирине айланып, кабагым –кашым дебей жүргөн чагы. Эртең дагы бир кызматты басып жыгылса, таң калбагыла.  Мындай сыпатта Айбек мырза жалгыз эмес, ага окшогондор толтура. Анан ушундай адамдар апрель окуясы тууралуу ооз көптүрүп сүйлөшсө, күйбөгөн жериң күл болуп кетет да…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here