Индиялык миллионер Датте Фуге өзүнүн 4 миллион долларлык алтын көйнөгү менен дүйнө коомчулугун көңүлүн бурган.  Анын атайын тиктирген алтын көйнөгүнүн салмагы 3,3 килограммды түзгөн. Табиятынан алтынга жакын Датте Фуге студент кезинде адамдар, көп алтын тагынып жүргөн кишиге урмат менен мамиле кыларын, байкап келечекке алтын көйнөк тиктирүүнү максат кылган. Бирок,  ал бай  үй -бүлөдөн чыккан эмес. Датте өзүнүн акылдуулугу менен байыган. Анын фирмасы улам чоң киреше тапкан сайын өзүнө алтын зергер буюмдарын белек кылып келген.

Аталган көйнөгү туурасында тамашалап: «Айымдар менин өң келбетиме карабаса да, алтын көйнөгүмдүн жанынан бир сулуу кыя өтө албайт» — деп айтканы бар.

Бирок, табиятынан тамашакөй миллионерди так ошо алтын көйнөгү менен белгилүү болгон соң, кимдир бирөөлөр өлтүрүп кетишкен. Келечекте алтын туфли жана телефондуу болууну самаган. Бирок, ал тилегине жетпегени менен кыялына жетти өңдөнөт. Анткени, Датте Фуге дүйнө эли аны «алтын адам» катары таануусун кыялданчу.

«Падыша бол, кайырчы бол баары бир,

Өлүм үчүн бирдей сенин катарың» деген ыр саптары ушу белем…

Булак: Чагылган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here