Келишимдин 3,5 миллиард долларга тете биринчи бөлүгүнө 3-апрелде Москвадагы Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө, Мирзиёевдин сапары алдында кол коюлду. Мындай маалыматты Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Ачилбай Раматов билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Орусия президенти Владимир Путин жана премьер-министри Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мирзиёевдин сапарынын алдында Москвадагы өзбек элчилигинде эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 3,5 миллиард долларлык эки тараптуу 16 келишимге кол коюшту. Документтер соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарды камтыйт.

Мындан тышкары Орусияга 612 миллион долларлык жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиш продукцияларын жеткирүүгө, Өзбекстанга мунай экспорттоо меморандумуна, экскаватордук техника жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Калган документтерге жогорку деңгээлдеги өзбек-орус сүйлөшүүлөрүнөн кийин Кремлде кол коюлат.

Орусиянын Федералдык бажы кызматы билдиргендей, Орусия менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү былтыр дээрлик 3 миллиард долларды түзгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here