АКШ президенти Дональд Трамп союздаштары менен бирге «Ислам мамлекети» тобун жок кылууну убадалады. «Биз «Ислам мамлекетин» жок кылып, цивилизацияны коргойбуз. Бизде башка жол жок», — деп билдирди Трамп Иордания падышасы Абдалла Экинчи менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында.

Ак үйдүн башчысы Идлиб провинциясынын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуул тууралуу билдирүүдөн кийин Сирия президенти Башар Асадга болгон мамилесин өзгөрткөнүн белгиледи. Анын айтымында, өкмөттүк армиянын химиялык куралдарды колдонушу «чектен ашып», «жеткен чегине жетти».

4-апрелде сирия оппозициясы Хан-Шейхунда ондогон адамдар өлгөнүн билдирген. Жергиликтүү медиктер анда нервдерди шал кылчу газ пайдаланылган болушу мүмкүн деп шектенишүүдө. Көтөрүлүшчүлөр кол салууга Сириянын өкмөттүн күчтөрүн айыпташты. Кошмо Штаттар менен Евробиримдик өлкөлөрү дагы химиялык чабуулдарга Сирия президенти Башар Асаддын тиешеси бар деп эсептешүүдө. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли эгер БУУнун Коопсуздук кеңеши тиешелүү чара көрбөсө, анда Сирия өкмөтүнө санкциялар киргизиле тургандыгын билдирди.

Орусия 4-апрелде Сирия аба күчтөрү ок-дарылар жана ууландыруучу заттар сакталган кампага сокку урганын билдирди. Москванын версиясы боюнча, ал ок-дарылар Ирактагы жана Сириядагы террорчуларга жеткирилип турган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here