Экс-депутат Камчыбек Ташиев гезиттердин бирине берген маегинде, Садыр Жапаров менен дос экендигин иш менен далилдерин билдирген.

Анда ал, Жапаров камактан чыкканча анын жанында болорун айткан. «Мен Садырды №1 СИЗОго камала турган кылмышкер катары эсептебейм. Садырдын балдарын да кичинесинен билем, алар өтө тартиптүү,  акылдуу балдар. Балдарды камабаш керек болчу. Мен эми Садыр чыгып, бала-чакасынын кашында болгуча жанында турам. Бирок, бардык баскан-турганымды , жасап аткан жакшылыктарымды жар салбайм. Кудай жана Садырдын жакындары билсе болду.  Мен сөз менен эмес иш менен дос экенимди  далилдейм» , — деп айткан  Ташиев.

Бул  анын актануусубу же ымандай сырыбы аны бир өзү анан Жараткан билет го, бирок, коомчулукта кечээги  «Ташиевдин табалоосу» деген маалымат ага карата бир топ терс пикирлерди жаратты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here