Канжар Кадыралиев — прокуратуранын мурунку кызматкери, бейбаштык, өзүм билемдик жана талап-тоноо боюнча айыпталууда.  Сот иши 3 жылдан бери уланууда. Ушул аралыкта аталган үй-бүлө деле унутулуп бараткан, бирок Канжар Кадыралиев кайрадан коңгуроо кагып эскертти. 2017-жылы мартта сот процессинде, депутат Жанар Акаев андан акча алгандыгын  билдирди. Муну коомчулукка жактоочусу Икрамидин Айткулов жар салды.

ЖМКлар бир нече күндөр бери Кадыралиевдердин ар кыл убактагы чуулгандуу окуяларын санап, эске түшүрүп, жазып жатышат. алардын бири «24 кg»  агенттиги Кадыралиевдер — Ош облусунун Кур-Шаб айылынан чыгышкан. Алардын арасында, криминалдык топтордо белгилүүсү да, саясатка баш бакканы да,күч органдарына кызмат кылганы да болгон.

Санжар Кадыралииев — Жогорку Кеңештин 3-4 чакырлышынын депутаты болгон  (4-чакырылышта Бакиевдин «Ак- Жол» партиясв менен келген). Аны 2009-жылы 15-апрелде өз үйүнүн алдынан атып кетишкен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин шектүү катары Алтынбек Итибаев деген жаран кармалган.

2015-жылдын октябрында Итибаевдин аты кайрадан  №50 -СИЗОдогу кылмышкерлер качкан окуяда калпып чыгып, тергөөнүн маалыматында, экстремисттик топтун мүчөсү делинип, ошол жылдын 22-октябрында кармалып атылып кеткен.

Санжар Кадыралиевдин өлүмүн иликтөөдө акжолчунун криминал менен байланышы болгондугун версия катары текшеришкен. Ал эми үй — бүлөсү, анын өлүмүн саясатка байланыштырышкан. Алар, 2008-жылы июнь айында депутаттар жайкы каникулга кетип атканда, Санжар Кадыралиев  «Кыргызстандагы оюн автоматтары туурасындагы» мыйзамды алып чыккандыгын негиз кылышкан. Алардын айтымында, ал казинолорго катуу көзөмөл орнотуп, клубдарга кирүүгө поспорттук текшерүүнү киргизүүнү сунуштаган.

Андан бир жыл мурун, коомчулук Кадыралиевдердин дагы бир мүчөсү Канжар менен таанышкан.2007-жылы март айында ал 4 милицияны уруп салган. Окуя 8-март күнү түнкү клубдардын биринде болгон. Жабырлануучулар милицияга 9у өткөндөн кийин гана арыз жазышкан.

Мында Канжар Кадыралиев, Ош прокуратурасы «кошумча текшерүүнүн» болбогондугун негиз кылып, кармоого санкция бербегендиги менен кутулуп кеткен.

Агалары үчүн карындашы жооп бербейби?

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо СДПК фракциясынын катарында Ыргал Кадыралиева ЖКга депутат болуп өтүп кетет. Бул депутат да, кыздарды 22 жашка чейин ата-энесинин уруксатысыз өлкөдөн чыгууга жол бербөө идеясынан башка, эч бир актуалдуу мыйзам долбоору менен көпчүлүктүн эсинде калалган жок.

Анын ойу боюнча, ата-энелер кыздарын нотариус аркылуу кат түрүндө гана уруксатын бергендигин тастыктап, жакшы жашоо издеп жол алууга жибере алышмак.

Бирок, ушул жерден тактай кетсек, Кадыралиева мыйзам долбоорун жазып атканда эбак турмушка чыгып, башка бүлөдө балалуу болуп турмуш кечирип жаткан  22 жаштагы кыздардын кызыкчылыгын эсине албаган окшойт. Конституциянын басып-туруу эркиндигин тастыктаган  25-беренесин унутуп калганбы?

Ошентсе да, карындашы бир туугандарын алынын келишинче коргоп, ал гана эмес Санжардын өлүмү туурасындагы сот процессинде согушканга чейин барыптыр. Бирок, муну кийин өзү танып койгон.

Бейбаштык…

2014-жылдын октябрында Өзгөндүн тургундары Канжар Кадыралиевдин ур-тепкиге алгандыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүшөт.

80 жаштагы Ашыралы Келдибаевдин айтымында, 31-августка караган түнү алардын үйүнө куралданган маскачан төрт киши кирип келгенин айткан. «Алар менин баламды байлап, эшикке сүйрөп чыгышып уруп башташты. Кемпирим экөөбүздү байлап бир бөлмөгө камап салышты.  Аялдарды жана үйдөгү балдарды коркутуп, баламдын бизнеси менен мүлкүн алардын наамына каттап берип, Кыргызстандан чынгып кетүүсүн жазып берүүсүн талап кылышып, муздап кетебиз деп коркутушту. Балам аларга үйдөгү 12 миң доллардын бардыгын берди. Бирок, каракчылар дагы бер деп талап кылышты», -деп айтып берген.

А.Келдибаев, анын баласын ооруканага жаткырып, ал укук коргоо органдарына арыз жазгандыгын билдирген. Иликтөөнүн жыйынтыгында,бул ишке Канжар Кадыралиевдин тийешеси бар экендиги айтылган. Ишкердин эжеси, Уулкан Келдибаева Канжар анын инисинен дайыма салык акча алып тургандыгын, бирок буга милиция дайым көз жумуп келгендигин айткан.

Жабырлануучулардын сөзүнө караганда, алар бул боюнча Президенттен баштап, Жогорку Кеңеш, УКМК, прокуратурага чейин арызданышкан, бирок, эч майнап чыккан эмес. Ош облусундагы Канжар Кадыралиевдин катышуусу менен  уюшуп сабап кол салуу болгондон  кийин, Прокуратура менен ИИМдин кызматкерлери биргелешип иликтөө иштерин баштаган. Ал эми, Ыргал Кадыралиева — бул туурасында, анын бир тууганына саясый куугунтук болуп жаткандыгын кабарлаган.

Иниси — кылмышкер, эжеси- мончочубу?…

2014-жылдын декабрында Канжар Кадыралиев өмүрүнө коркунуч тууларын айтып, суракка баруудан баш тарткан. Ошол эле декабрда ага Интерпол издөө салган. 2015-жылдын мартында ал күч органдарынын колуна келип түшүп берген. Ошол эле убакта атактуу үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү Суйсал — ызы-чуунун ортосунан чыгат. Мамлекеттик кызматта иштегендигине карабай, саунанын админстратору экендиги туурасындагы маалымат чыгат.

2015-жылдын 23-мартындагы «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө интим-кызматын көрсөткөн саунанын  администраторун көргөзүшөт. Камерага тартып аткан топту кууп, кыйкырынган сары пальточон аял Суйсал Кадыралиева болуп чыга келет.

Ошол мезгилде ал Өзгөн районунун Каттоо кызматынын паспорт-виза берүү жана каттоо  бөлүмүнүн кызматкери болуп иштеген. 2015-жылдын апрель айында Канжар Кадыралиев камакка алынып, июнда сот процесси башталат. Азыр процесс аяктап, майдын ортосунда айыбы угузулаары күтүлүүдө.

2017-жылы апрелде Канжар Кадыралиев депутат Жанар Акаевге карата кылмыш ишин козгоону талап кылат. Төмөндө  Кадыралиевдерге таандык делген сауна маселеси боюнча «Азаттыктын» иликтөөсүн бирге көрөлү:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here