Бүгүн КырДрамга директор тандоо маселеси боюнча сынак өтүп, элибизге таанымал 8 кишиден турган аттуу-баштуу инсандары; Асылбек Өзүбековдун, Назым Меңдибаировдун, Акылбек Мураталиевдун, Ороз Айдаровдун жана Аким Текешовдун талапкерлигин карашты.  Жыйынтыгында Меңдибиров 4 добушка, Өзбеков менен Айдаров 2ден добушка ээ болушкан. Бирок маселе бекибей ачык бойдон калганы айтылууда. Кыязы, сынакты өткөзүшкөндөр анчалык бир тараптуу пикирге келе алышкан эмес. Министрлик “жалгыз талапкер көрсөтпөгүлө, эки талапкерди карап, салмактап анан чечебиз” –дептир. Айтор, бул маселе кийинки жуманын  башында чечиле турган болуп калыптыр.

Директорлук орун кимге буйруйт, аны бир Кудай анан өкмөт билет да. Айрымдар министрлик эми Меңдибаиров менен Өзүбековдун талапкерлигин карайт дешсе, дагы бирлери Айдаровдуку да каралышы керек дейт.  Бул жерде негизги маселе министр Түгөлбай Казаковго да таандык. Анын айтканындай болуп калышы да ажеп эмес.  Бирок КырДрамдын эл артисттери, эмгек сиңирген артисттери, айтор аттуу-баштуулары  (жалпысынан 30га жакын адам) Асылбек Өзүбековду колдойбуз, бизге ошол директор болсо… деген таризде Маданият министрлигине кат жолдошкону  да маалым болду. Бул да кайдыгер карабай турган маселенин бири болуп калышы ыктымал.  Назым мырза деле оңой эмес. Ал да  бир топ жылдан бери тажрыйба топтоп, такшалып калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here