Бишкек шаардык соту 1-май райондук сотунун Садыр Жапаровду тергөө бүткүчө №1 -тергөө абагында камоо чечимин күчүндө калтырды. Анын жактоочусу Медетова: » Шаардык сот 1-Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Биз мындай болорун билгембиз. Жапаров №1 — тергөө абагында мыйзамсыз камалып отурат» — деп айтты. Сотко Жапаров өзү катышкан. Соттун имаратын милиция кызматкерлери курчоого алып, имараттын алдына жарандык активисттер баштаган 50 гө жакын Жапаровдун тарапташтары келишкен. Соттун аякташы менен Жапаровду №47 колонияга алып кетишкен.