Бүгүн, 6-апрелде, Жогорку Кеңештин парламенттик  жыйынында СДПК фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Транспорт жана Коммуникация министрлигин кескин сынга алып, министрди «кошелек» деп атады.  Кара-Балта — Бишкек унаа жолунун абалына кейиген депутат: » Силерди кышында жолдун жыртыктарын жамоого  ким уруксат берди. Бир жолу да премьер-министр Таласка бараарын угуп, түнү менен оңдоо иштерин жүргүзгөнсүңөр», — деп кейиди. «Транспорт министрин эл арасында «кошелек» деп атап алышкан. Аны башкача атоого да болбойт. Ал тендер өткөрүү менен келет да кетет. Башка иш жок. Эркелеп келген министр эртелеп кетчү эле байкагыла. Аны Кара-Балтага конокко жибергилечи, өз көзү менен жолдун абалын көрүп сейилдеп келсин» деп айтты Момбеков.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here