Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин мурунку жубайы Людмила Путинанын жаңы күйөөсүнө катталган баасы 6-7 миллион евролук Франциядагы вилланын тарыхын жана Путинанын күйөөсүнүн таржымалы жөнүндөгү макала «Медуза” басылмасында жарык көрдү.

Анда, аталган  баасы 6-7 миллион евро турган  Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан «Сюзанна» Вилласын Владимир Путиндин мурунку жубайы Людмила Путинаныкы болушу мүмкүн деп жазылган. Себеби, Людмиланын жаңы сүйүктүүсү Артур Очеретный ага жолукканга чейин эч кандай деле көзгө көрүнөөрлүк байлыгы болгон эмес.  Компьютердик байланыш тармагынын адиси — ишкер Очеретныйдын сары изине сарэсеп сала келгенде, анын бизнес жаатында кулак кубантарлык деле ийгилик жаратпагандыгы айгинеленген. Андан соң, журналист «Анда бул жалпы аянты 450 кв. метр болгон кымбат вилла каяктан болмок?» деп суроо салат. Белгилүү болгондой, Очеретный так ошол Людмила Путинага жолуккандан кийин негедир Россиядагы бай адамдардын катарына кирип, каяктагы миллиондук байлыктарынын кулагы чыга баштаган .5000 кв. метр керилген парктын курчоосундагы, маңдайында Атлантика океаны мелжип жаткан, бильярд, бассейн, гольф талаасы менен курулган заманбап вилланы Артур Очеретный 2013 — жылы сатып алгандыгы документте колу менен тастыкталып турат. Путин да аялы менен 2013 -жылы расмий түрдө ажырашкандыгын коомчулукка кабарлашкан.

Учурда, Франциядагы эң кымбат делген Вилланын ээлери  толугу менен оңдоо иштерин жүргүзүп , өздөрүнө ылайыкташтырып алышкан.

Автор: Нурайым Рысмамбетова.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here