КСДП фракциясынын депутаты Абтандил Кулбараков өлкөдөгү саясый абал, оппозициянын аракети, инвесторлор, ишкерликкет түзүлгөн шарттар, андагы айрым кемчиликтер жана мамлекеттеги айрым жетишкендиктерди жеткиликтүү айтып берди. 

— Абтандил мырза, жакында эле, бизде Садыр Жапаровду колдоп ызы-чуу менен коштолгон митинг болуп кетти. Буга ар ким ар кандай көз карашын айтып жатат. Сиздин көз караш кандай?

—  Жапаров келерин жар салып ызы-чуу кылып, элди эки жаат кылбай, акырын эле келсе болмок. Анын залакасы бала-чакасына, башкаларга да тийип калды. Баарыбыз мыйзамды сыйлашыбыз керек. Кыргызстандын ар бир жараны колу менен жасаганды мойну  менен тартканды билиши керек. Бул деген жоопкерчилик! Сот аталган маселе боюнча кандай чечет, иликтеп тактагандан кийин анан билинет болуш керек. Көбүнчөсү президенттин дарегине ар кандай сындарды айтышууда. Жеке адамдык беделге чейин асылуу туура эмес. Эл кайсы бир саясатчынын союлуна айланбаш керек. Бизге азыр революциянын кереги жок. Ар кандай тополоңдор мамлекетти артка гана тартарын көрбөдүкпү.

Учурда, мамлекет да өнүгүү жолуна түшүп нугун таап кетип баратат. Ага мисал жүздөгөн чакырым жолдордун салынышы, ондогон мектеп, бала- бакчалардын курулуп жаткандыгы далил. Бишкекти эле алалы, 5 жылда кандай өзгөрүүлөр болду. Түлеев түрмөдөн чыгып келгенде: “ Бишкекти таанылгыс болуп өзгөрүптүр” деп маек бергенин окудум эле. Көп курулуштар чет элдик бизнесмендердин акчасына курулуп жатат деп айткандар да бар. Ага да өкмөт шарт түзүп берүүдө. Акаевдин акыркы мезгилинде, Бакиевдин убагында мындай курулуштар болгон эмес. Аны баарыбыз эле эң сонун билебиз. Ал учурда бизнесмендер жашынып, акчасын катып кетишчү. «Жакырлыктын үстүндөбүз, турмушубуз артка кетип жатат» дегендерди жөн эле бийликке  тийишкендик деп эсептейм.

Мындайча айтканда, бул жол менен бара берсек өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуларыбыз шексиз. Эл арасына ар кандай ириген сөздү таратып жаткандар кызматтан кол жуугандар, же жетпей көзү күйгөндөр болуп эсептелет.  Чоң кызмат алардын аталарынан мураска калган эмес. Андай эле, элге кызмат кылгысы келсе, кызматсыз деле ишкердик кылышса да элге чоң пайда келтирет.

— Эми азыр баары кой үстүнө торгой жумурткалагандай эмес да. Кемчиликтер бар. Өкмөттүн аксап жаткан жери катары кайсыларды белгилеп айтар элеңиз?

 — Өкмөттүн аксап жаткан жагы катары көп нерсеге басым жасагым келбейт. Акырындык менен кемчиликтер түзөлүп келе жатат. Болгону бир маселеге токтолгум келет. Бирок, бул дагы келечекте оңоло турган кемчилик деп эсептейм. Мына өткөн жумада соцфонддун алып келген отчетун уктук. Алар акчаны чогултканын жакшы чогултат экен да, кайра пенсияны берээрде бир аз аксап калышат экен. Киреше таап, аны бербей отура берген коммерциялык уюм эмес. Биз да сунуштарыбызды айттык. Жарандар да соцфондго эмес, ошол акчаларын банкка сактаса аялына, балдарына калат. Жылдап соцфондго акча которуп коюп пенсия жашына жетпей калган да жарандарыбыз бар да. Андан тышкары, Бажы тармагында да мүчүлүштүктөр бар. Экономика министрлигинде да, кемчиликтерди айтсак, руда боюнча сыртка чыгарууга 25% пошлина дептир. Дүйнөлүк практика көргөзгөндөй, салыктарды көбөйткөндүн ордуна азайтсак, инвестор тартат элек. Мен бул боюнча да сунушумду айттым.

-Бул жерде жеке кызыкчылыктар да болушу мүмкүн да…

— Эми айталбайм. Алар салыкты көп чогулткусу келип жатабы, же чындап эле инвесторлордун баарын кубалап ишканалардын баарын жаап койгусу келип жатышабы? Мындай шартта иш алып барсак, алтын казган ишканалардын бардыгын эле чогултуп келип бир чуңкурга көмүп койгондой болуп жатпайбызбы.

Ишканалардын өкүлдөрү да мындай салык менен иштей албасын айтышты. Аларды иш таштоого чейин алып келбешибиз керек да.

— Сиз депутаттыка чейин ишкерлик менен алектенип, бул тармакты жакшы билесиз да.  Азыркы кезде шаардык инвестиция бул тармакка кандай көңүл буруп, кандай жылыштар бар? Же дагы эле кемчиликтер көппү?

— Кемчиликтер көп эле. Буга чейин завод, фабрикаларга «бекинбегиле» деп канча чырдашып жатып онлайн режимин киргизишти эле. Азыр ошо онлайнды деле караган киши жок. Эми киосктарга онлайн коёбуз деп атышат. Бул деген эмне? Көрө албастыкпы же бизнесмендерди такыр жоготуу аракетиби? Ушундай нерселерге министрликтер этият болушса…  Заводдор мейли дейли… соода  мекемелерге мындай тартип киргизүү ашыкча деп эсептейм. Алар счёт фактура менен сатып алып атышат да. Сатып алгандан кийин төлөйт да. 1% сатуу салыгын салып койду. Бул деген 3 млрд. сом. Аксиздик марка да бөгөт болууда.

Көкөмеренге кытайлар ГЭС кура турганын айтканыңыз чоң жаңылык болгон эле. Эми ошол маселе эмне болуп атат?

— Көкөмеренге кытайлар келишип, 4 млрд. долларга чейин инвестиция кылабыз, 2-2,5 жылда салып бүтөбүз дешкен. 4-5 жылдын ичинде акчабызды чыгарабыз, анан ошол ГЭСтер силерге калат деген. Өзүң билгендей, биздеги бут тосмойлордон, кабинеттен кабинетке кирип сүйрөлүүнүн натыйжасында кытайлар кетип калды. Азыр алар Африкада куруп жатышат.

Ачыктап айтсаңыз, кандай бут тосуулар болду?

Айтылуу Көкөмерен…

— Мен үчүн да туюк болуп калды. Өзүм деле түшүнбөй калдым. Атайын келишти, эки күн жүрүштү. Эч нерсе чыкпашын түшүнүштү окшойт, акчасын алып кайра кетип калышты. Бир жолу силердин гезит бул маселе тууралуу жазып чыккандан кийин, өкмөт кыймылдап баштаган, бирок ал кезде кеч болуп калган экен. Азыр ошол кытай компаниясы ГЭСтерди Африкага сала баштаганын уктук. Кайра артынан чуркадык, бирок, алар түңүлүп калышыптыр.

Ошентип, чоң долбоордон куру калдык. Алар куруп, акчасын чыгарып кеткиче 6 жыл өтөт эле да, анан ири ГЭС мамлекетке калмак.

Эми коомчулукту кызыктырган СДПКнын ички маселесине токтолсок. Кутушев менен Илмияновдун депутаттыктан баш тартканынын негизги себебин айта аласызбы?

— Кутушевге аппаратты жетектеп иштегендиги боюнча мен абдан мыкты деген баа берет элем. Себеби, өкмөттөн бир тыйын албай, ЖКнын креслолорун алып келип койду. Видео байкоолорду алып келип, желдеткичтери да иштен  чыгыптыр деп аны алып келгени жатты эле. 1-кабатта да бир топ оңдоо иштерин жасады. Ага ортодон эле жеке кызыкчылыктар менен чет мамлекетке чыгасың деген кине коюлуп калды. Туура, чет мамлекетке чыгып жатты, бирок ал иш сапарлардын чыгымын чакырган тарап көтөрүп бергени айтылбадыбы. Эч жерге чыкпай, кабинетинде  отуруп алганда, жогоруда айткан иштерди ким бүтүрмөк да, ким каражат таап келмек? Башка мамлекеттерден өзүнүн иш билгилиги менен каражат таап келип, жакшы иштеп жаткан кишини да иштетпей, аны  көрө албай бут тоскондуктун өзү туура эмес иш болуп калды. Илимиянов боюнча мен эч нерсе айта албайм.  Балким ал партияга көп пайда келтирем деп жаткнадыр. Бул суроону өзүнө берсеңер, ачык айтат болуш керек.

— Коомчулукта да парламенттин тараар- тарабашы тууралуу кайчы пикирлер айтылууда. Сиздин оюңуз кандай? Парламент иштей бериши керекпи же элдин ишеничин актай албай калдык деп таркап кетиши керекпи?

— Тараганга негиз деле жок.  Кызматка жетпей калгандар улам-улам айтып жатышат. Бул жерге биз эл шайлаган үчүн келип отурабыз да. Президент да бир жыйынтыкка чакырып: «иштейм десеңер иштегиле, жок  десеңер тарагыла» — деп оюндагысын айтты. Депутаттар менен бирге отурганда көбү эле айтышат: «Биз эмне Ө. Чиркешовичти колдогону келдик беле? Эл үчүн келгенден кийин иштейли» — деп. Булардын оюн мен деле туура деп эсептейм. Эгер кайра шайлоо болсо, 70-80 пайыз  азыркы депутаттар келет.  Чоң деле өзгөрүү болбойт. Парламентте олтургандардын басымдуу бөлүгү эл үчүн иштеп келишкен. Айрымдар “”Мышык майга жетпей сасык” –деп айта беришет. Адам сүйлөрдө кичине өз сөзүнө маани берип сүйлөсө… Сөз эркиндиги деп атабыз. Биздикиндей сөз эркиндиги эч жерде жок.

— Комитеттин иши жана өзүңүз авторлош болуп демилгелеп чыгып аткан мыйзамдар боюнча?

-Мызймдар көп эле. Анын баарын тизмектеп айтасам, кээ бирлер мактанып жатат деп дагы түшүнүшөт экен. Бул суроого кыскача эле жооп айтайын. Кудай буйруса, мамлекеттик казынабызга миллиондогон кирешелерди алып келе турган жакшы мыйзамдарды жазып жатабыз. Маселен, кен тармагында жакшы жылыштар мындан ары да болот деген ишеничтебиз.

Ал мыйзам долбоорлору тууралуу шашпай айтып берели.  Сөз соңунда айтрым, элибизде тынчтык болуп, өнүгүү жолунда кадам таштай берели. Күздөгү президенттик шайлоону ынтымакта өткөрүп алалы!

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here