Белгилүү болгондой жакындан бери Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук дарм театрында “Коркут -ата” спектакли коюлуп келатат. Анын автору, жазмакер, КТРКнын көп жылдан берки жетекчисинин ою жакшы орун басары болуп келаткан Кайрат Иманалиев.  Эл аралык «Түрксой» уюму бул спектаклди коюгуа КырДрамга 10 миң доллар бөлгөн экен. Эске сала кетсек, бул уюмдун Түркиядагы Кыргызстандын өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожобек Култегин.  Ал эми аталган театрдын директору жакында эле ызы-чуу менен кеткен Темирлан Сманбеков. Спектаклди койгон режиссёр Марат Козукеев.  Театрдын “жер каймактагандан” берки башкы эсепчиси Шакен Өмүралиев. Кыскасы, мына ушул адамдар “Түрксойдун” 10 миң долларын максаттуу пайдаланышпай, жеке кызыкчылыктарга жол беришкени айтылууда. Эң кызыгы башкы эсепчи өзү билипи, же экс-директор Темирлан Сманбековдун көрсөтмөсү мененби, айтор 10 миң долларды театрдын бухгалетриясына кирештебетир. Деги эле театрдын башкы эсепчиси өз кызматында узак-узак жылдар бою туруп, далай жетекчилер менен иштешип, далай жетекчилерди узатты. КырДрамдагыремонт учурунда уурдалган миллиондордун, коррупциялык схемаларды дал ушул адам эң жакшы билет. Себеби, далайына кол койгон, далайына кол койбой буйдамайлап жазгарган дегендей.

Кызык, театр жетекчилиги спектакль үчүн бөлүнгөн олчойгон 10 миң долларды эмнеге кирештебейт? Же булар ушинтип иштеп, кымырып-кымтып көнүп калышканбы?  Спекталди коюуга ашып кетсе 5-6 миң доллар сарптап, калган акчаны директор, режиссёр, сүрөтчү, эсепчи ж.б. бөлүп алган дешет. Ал спектаклди көркүнө чыгарып көрүүчүлөр үчүн көп азап менен эмгектенип, роль жаратышкан акётр-актрисалар да бир тыйын алышпса керек. Автор Кайрат Иманалиев болсо өз эмгек акысын алыптыр. Бул жагы туура деңизчи. Бирок ал деле тиешелүү кагазага кол койбойле мындай эле алса керек го…

КырДрамда буга чейин сырттан келген аз эмес өлчөмдөгү каражаттар жең ичинен кымырылып келгендиги көп эле айтылып жүрөт. Биз ушул ж.б. маселелерди дагы кененирээк иликтөөгө алмакчыбыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here