Элибиздин эң эле көзгө басар театры  Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театры экени талашсыз. Маданият адамы чыр чатактан, интригадан, уурулуктан, ар кандай мыйзам бузуулардан алыс дейбиз. Бул деле бекер кеп окшойт. Себеби, маданият тармагынын бир топ барандуу өкүлдүрүнүн ушундай кылык—жоруктарын көрүп, угуп алып айласыздан баш чайкайсың. Аталган театрды 3-4 жылдан бери жетектеп келген Темирлан Сманбеков аз күн мурун ызы-чуу коштолгон окуядан улам, кызматынан кетти. Ал өзү кетирген каталарын мойнуна алып, жамаат менен коштошуп жатканда: “Мен үчүн министрге барбагыла суранып, мен эми иштебейм” деген кыязда өтө өтүнүп айтканы менен, анын эртеси эле кызматтан калуунун аракетин көрүп, министр Түгөлбай Казаковго КРнын  эл артисти, эмгек сиңирген артисттерин киргизгендиги айтылууда. Анткен менен Казаков алардын кеп –сөзүн угуп, сылык узатыптыр. Кыскасы, Темирлан мырза, он айла кылса да, кызматынан кол жууду. Жакшы иштей алган жок. Жакшы иштесе, ага эч ким чаң жугузуп, бозала кылып, кызматтан ыргыта алмак эмес. Эми жедеп көнүп калган тамадалыгын жана актёрлугун кенен-чонон уланта берсе болот.

Маданият министрлиги учурда театрга жетекчи боло ала турган адамдарды ылайыктап карап жатыптыр. Алардын сап башында элибиздин эң сүйүктүү ырчысы, актёру, алып баруучусу, обончусу айтылуу Асылбек Өзүбеков турат дешет. Ал эми театрда бир топ жылдан бери иштеп келатышкан режиссёр-актёр Назым Меңдибаиров, Султан Раевдин кан досу, маданият министрлигинин мурунку стат секретары Аким Текешов директорлукка ат салышары айтылууда. Кыязы ишке анча жөндөмсүз Аким мырзаны Раев түртүп жаткан окшобойбу. Директорлук кимисине буйруйт, ким билет. Бирок көпчүлүк Асылбек мырза болот го деп боолголоп жатышат. Болсун татыктуу инсан…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here