Журналист Эрнис Кыязов , 4-апрелде белгисиз бирөөлөр анын үйүнө келип , кол көтөрүп, коркутуп кеткендигин фейсбук баракчасына жазган эле. Муну Кыязов журналисттик ишине байланыштырган. Бүгүн, Жогорку Кещештин кезектеги жыйынында депутаттар ушул маселеге кайрылышып ИИМдин орун басары Курсан Асановго бир далай суроолор менен сунуштарды да беришти. Айрым депутаттар  Эрнис Кыязовдун иши тыкыр иликтенишин Башкы прокурордон суранышты. Курсан Асанов, бул факты боюнча Кыязов милицияга арыз жазбагандыгын жана ИИМ бул ишти тыкыр иликтөөгө алгандыгын билдирди. Ал эми журналист Шайырбек Абдрахман бүгүн Эрнис Кыязовдун үйүнө барып, ал жайын сурап кайткандыгын интернеттеги баракчасында кабарлады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here